Баланын өмүрүнүн үчүнчү жылында жана кийинки жылдардагы физикалык активдүүлүк, экрандын алдындагы убакыт өткөрүү жана уйкуга байланыштуу сунуштар
Бала үчүн пландаштырылган күнүмдүк иш-чараларды анын курагына жараша, ошондой эле жеке керектөөлөрүнө ылайыктап түзөтүү керек. Тамактанууга кошумча оюн, физикалык активдүүлүк, уйку, ошондой эле баланын үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашууга катышкан, жомок уккан, экран алдында отурган, унаада жүргөн, тамактанган мезгилдерине дагы убакыт бөлүү тууралуу ойлонуу керек.
Үч жаштагы жана андан жогорку курактагы балдар
- Ушул куракта бала физикалык активдүүлүктүн ар кандай түрлөрү менен күнүнө180 мүнөттөн кем эмес алектенүүсү керек, анын ичинде 60 мүнөттөн кем эмес убактысы орточо жана жогорку интенсивдүүлүктө болууга тийиш; канчалык көп болсо, ошончолук жакшы.
- Салыштырмалуу тынч эс алуу абалында 1 сааттан ашык болуусу сунушталбайт. Бул убакытты баарлашуу, окуу, жомок айтуу үчүн пайдаланыңыз. Экрандын алдында отурган убакыттын узактыгы күнүнө 1 сааттан ашпашы керек, ал көрүп жаткан видеонун мазмунун ата-эне сөзсүз көзөмөлдөөгө тийиш.
- Күндүзгү, түнкү уйку жана түнкү ойгонуу мезгилдери кошулганда талап кылынган уйку убактысы 10 сааттан 13 саатка чейинки убакытты түзөт. Баланын уйкусун кыскартпашыңыз керек, анткени ал ар кандай бузулууларга алып келиши мүмкүн: бойдун өсүшүнүн бузулушу, семирүү, эмоционалдык абалынын бузулушу ж.б.
Жеңил интенсивдүү физикалык активдүүлүк баланын тынч абалындагы энергия чыгымдоолорунан 1,5-4 эсе көп энергияны чыгымдай турган аракеттерди камтыйт: жуунуу, жай басуу же баланын ысып кетишине алып келбей турган анча-мынча аракеттер.
Орточо же жогорку интенсивдүүлүктөгү физикалык активдүүлүк өзүнө баланын тынч абалындагы энергия чыгымдоолорунан 4-7 эсе жогору болгон аракеттерди камтыйт: бул - тез басуу, велосипед тебүү, чуркоо жана топ менен ойноо, секирүү, сууда сүзүү, бийлөө ж.б., мындай учурда бала ысып кетет жана күйүгөт.