2 жаштан 5 жашка чейинки балдар үчүн оптималдуу тамактануу
Баланын жашоосунун экинчи жылында сиз баланын тамактанууга болгон керектөөлөрү, тамакты тандоонун жана жасоонун ыкмасы жөнүндө билип, балаңыздын адаттары менен таанышып, пайда болгон эң чоң кыйынчылыктарды жеңдиңиз. Үч жаштан баштап ата-энелердин көңүлү баланын башка иштерине жана керектөөлөрүнө көбүрөөк бурула баштайт. Эсиңизде болсун, тамактануу дагы деле болсо баланын толук бойдон өсүп-өнүгүшүнө жардам берген маанилүү факторлордун бири болуп кала берет. Ошондой эле туура тамактануу кыйла чоңураак курактагы семирүү, диабет, жүрөк жана кан тамыр оорулары сыяктуу тамактануу жана ден соолукка байланыштуу көйгөйлөрдүн мыкты алдын алуу болуп саналат.
Бала эмнени жана канча жеш керек
- Эки жаштан беш жашка чейинки балдар адатта болжол менен жети сантиметрге чейин өсүшөт жана жылына эки килограммга чейин салмак кошушат. Эки жаштан кийин (төрткө чейин) бала кадимкидей өсүп, нормалдуу өсүү жана салмак кошуу үчүн 24 сааттын ичинде 1300 калория алышы керек. Бирок калорияга болгон керектөөлөр активдүүлүккө, ошондой эле түзүмүнө жана зат алмашуусуна жараша өзгөрүлүп турат, андыктан балаңыз сиз күткөндөй тамак ичпесе, кабатыр болбоңуз.
- Бул куракта табит өзгөрмөлүү болот, кээ бир мезгилдерде жогору болуп, бирок бала чарчаганда же толкунданганда төмөндөйт. Балдар өзүлөрүнүн идиш-аяктарынан тамак жегенди жакшы көрүшөт, ошондой эле өзүлөрүнүн табагынан жегенде, тамактын балага ылайыктуу бөлүгүн аныктоо сизге оңой болот.
- Балага тамак-аштын бардык беш тобунун ичинен ар кандай тамактарды сунуштоо керек. Ар түрдүү аш болумдуу заттар организмдин ар кандай функциялары жана мээнин талаптагыдай өнүгүшү үчүн зарыл. Бул курактагы тамактануунун негизи чоңдордун диетасына окшош, бирок анын көлөмү бир топ айырмаланып турат.
- Эки жаштан кийин нак сүттүн ордуна майсыз сүт берсе болот, анын көлөмү суткасына болжол менен 500 млге чейин чектелиши керек (эгерде уйдун сүтүнө аллергиясы жок болсо). Суткасына 120 мл чейин шире берүүгө болот.
- Эгерде балаңыз жаңы мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жана акшактарды көп жесе, анда бул курактагы балага кошумча витаминдердин кереги жок болот.
- Колдонууга болбойт: бөтөлкө, көбүрөөк көлөмдөгү таттууларды, коюу ширелерди, таттуу үлпүлдөк, чипсы, момпосуйларды.
Бала качан жана кантип тамактануусу керек
- Күнүмдүк меню тез-тезден аз көлөмдөгү тамактарды ичүүдөн турушу керек (адатта үч маал тамактануу жана алардын ортосунда эки шам-шум). Сиздин балаңыз күн сайын үч маал бирдей көлөмдө тамак ичиши керек, алардын бирин да өткөрүп жиберүүгө же айкалыштырууга болбойт. Тамактануу күн сайын болжол менен бир эле убакта уюштурулушу керек.
- Эртең мененки тамак ойгонгондон кийинки биринчи саатта болушу керек. Бул күндү баштоо үчүн керектүү энергияны берет жана үйдө эртең мененки тамакты ичүүнү адатка айландырган бала ашкана, кафе жана нан бышыруучу жайлардагы тамак-ашка азыраак ыктайт.
- Калган тамактануулар эки-үч саат аралык менен пландаштырылат. Күндүн акыркы тамагы уктаарга аз дегенде бир саат калганда болушу керек.
- Баланын менюсун тамак-ашты даярдоонун жаңы идеялары жана жолдору менен байытууга аракет кылыңыз. Балдар түстүү, кооз жасалгаланган тамакты жакшы көрүшөт.
- Тамактануунун ортосунда шам-шум сунуштоо керек, анткени кичинекей балага үч гана негизги тамак аркылуу керектүү калорияларды жана аш болумдуу заттарды берүү кыйынга турат. Ошондой эле алар жаңы тамак-ашты киргизүүгө ыңгайлуу, көбүнчө бала аны шам-шум катары кабыл алат.
Бала кезинде калыптанган туура тамактануу адаттары өмүр бою сакталат
Алгачкы жылдары кабыл алган адаттар бизди өмүр бою ээрчип жүрөт. Ошондуктан көптөгөн оорулардын өнүгүшүнө эле эмес, ошондой эле баланын туура өсүшүнө жана өнүгүшүнө таасирин тийгизген терс факторлорду жокко чыгаруу үчүн балага туура тамактануу адаттарын үйрөтүү маанилүү. Баланы үйрөтө ала турган көндүмдөрдүн бири - тамак-ашты туура тандоого үйрөтүү, ал ушул тапта оңой жеткиликтүү болгон зыяндуу тамактардан баш тартууга даяр болушу керек.
Тамактандыруу - тамактан алда канча чоң мааниге ээ.
Сиз аныктайсыз:
- Бала эмне жейт - тамак-аштын бардык түрлөрү: акшактар, мөмө-жемиштер, жашылчалар, эт, балык, жумуртка, сүт азыктары.
- Баланы ким тамактандырат же тамактанууну көзөмөлдөйт (бул ишти улуураак балдарга тапшырууга болбойт!).
- Бала качан тамактанат – мүмкүнчүлүккө жараша болжол менен бир эле убакта: эртең мененки тамак, шам-шум, түшкү тамак, шам-шум, кечки тамак. Балага коопсуздук сезимин пайда кылган адаттар жана күнүмдүк тартип керек.
- Бала кайда тамактанат - дасторкондо, кичүүсү отургучта, чоңураагы отургучта. Мүмкүн болушунча тамактануу учурунда үй-бүлө мүчөлөрүн көбүрөөк чогултуңуз.
Бала аныктайт
- Ал сунуш кылынган нерсени жейби же жокпу. Эгер балаңыз "жок" десе, анда бала жегиси келбеген тамактын үлүшүн бир канча жолу сунуштаңыз. Балким ал жакшы көргөн кайсы бир башка тамактар менен башкача формада сунуштаңыз. Мындан тышкары чыдамдуулук жана түшүнүү менен караңыз.
- Ал канча жейт. Табакка азыраак салып, андан кийин керек болсо дагы кошуңуз. Баланы табакка салган тамактын бардыгын жегенге мажбурлабаңыз. Кичинекей балага колу менен тамактанганга уруксат бериңиз жана чоңураак балдарга ашкана шаймандарын колдонууну үйрөтүңүз.
Бөбөктүн оптималдуу өсүшү жана өнүгүшү жана жакшы адаттарды калыптандырышы үчүн бала эмне жана канча тамак жегени гана эмес, ошондой эле, качан, кандайча жана кайда тамактанганы, баланы тамак учурунда ким тамактандырып же көзөмөлдөп турганы маанилүү. Эки жашында бөбөк башкалардын жардамысыз жеш үчүн моториканы жетишерлик жакшы өнүктүрүп калат жана буга уруксат берүү керек. Бала тамактануу учурунда калтырган башаламандыкка түшүнүү менен мамиле жасашыңыз керек. Балага адептүү адаттарыңызды көрсөтө бериңиз, бала сизден сабак алат. Бул курактагы бала өзүнө жаккан жана жакпаган нерсени аныкташы керек, бул сизге карата катуу талапты коюшу жана көп учурда тамактануу убактысын кечиктириши мүмкүн.
Үч жашында бала кашык жана вилканы колдоно алат. Балаңызды кичинекей кезинен тарта дасторкондо тамак жегенге, ар бир тиштегенин чайнаганга жана оозунда тамак турганда эч качан шашпоого жана сүйлөбөөгө үйрөтүңүз. Эгерде бөбөк үй-бүлөнүн калган мүчөлөрү менен чогуу тамактануудан эрте эле ырахат ала баштаса, анда балаңыз тамак ичүү баарлашуунун дагы жана үй-бүлөнүн жагымдуу учурлары дагы экендигин түшүнөт.
Балаңызга үлгү болуңуз! Бөбөктөр биздин айтканыбызга жана кеңештерибизге карабастан ата-энелеринин жана үй-бүлөнүн адаттарын көрөт жана ошого үйрөнөт. Балдардын толук баалуу тамактануусу жөнүндө кам көрүү - бул үй-бүлө үчүн өзүнүн тамактануу адаттарын кайра карап чыгуу жана айрым оң өзгөрүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү. Анча чоң эмес өзгөрүүлөр сиздин үй-бүлөңүздүн ден соолугун кыйла жакшыртууга алып келерине таң калышыңыз мүмкүн.