49-айдан 60-айга чейин - Баарлашуу кубанычы
49 айдан 60 айга чейинки мезгилде баланын өнүгүшү
Баарлашуу
Эмне жаңы?
Бул сизди жана балаңызды кызыктырган, сүйлөөнүн тез өнүгүү мезгили. Ушул жашта балаңыз жомок айтканды жакшы көрөт жана баарлашуудан ырахат алат. Балаңыз өзү жөнүндө кандай ойдо экени жөнүндө көп сүйлөп, өзүнүн идеялары жөнүндө айтып, суроолорун бериши мүмкүн.
Ушул убактын башында ал бир нече жүз сөз билиши мүмкүн жана кеминде беш-алты сөздөн турган сүйлөмдөрдү колдоно алат. Адатта, ал түшүнүктүү сүйлөйт, анын айткандарын түшүнөсүз. Ал эми беш жашка чыкканда, анын сүйлөмдөрү көптөгөн сөздөрдү катыштырып узунураак жана татаалыраак болот.
Сиз эмне жардам бере аласыз?
Ар бир бала ар башка - сиздин балаңыз көп сүйлөгөн же жоош унчукпаган болушу мүмкүн. Анын маанайы кандай болбосун, сөздөр менен дайыма кубаттап туруңуз. Эгер сиз аны менен күнүгө сүйлөшсөңүз, ал сиз менен көбүрөөк сүйлөшкүсү келет. Эгерде сиз аны менен сүйлөшкөндө жакшы көргөнүңүздү байкаса, ал да сиз менен сүйлөшкөндөн ырахат ала баштайт. Чыдамдуу болуңуз - балаңыз дагы деле болсо өзүнүн оюн толук билдире албайт, андыктан кээде ага бир аз жардам берүү керек: "Оу, досуң менен ушундай ойнодуңбу? Дагы эмне кылдың? Топту ыргытып жибердиңби?" Болуп жаткан кадимки нерселер жөнүндө сүйлөшүңүз - биз эмне кылабыз, кайда болдук, эмнени пландайбыз, эмнени жактырабыз жана эмнени жактырбайбыз. Китептерди окуп жатканда же окуяларды айтып жатып, эмне болуп жаткандыгы жөнүндө суроолорду бере аласыз. Сүрөттөрдү тартуу жана элестетип ойноо - бул баарлашуунун башка жолдору жана кээде сүйлөшкүсү келбеген балдарды колдоого алат.
Сезимдер.
Эмне жаңы?
Бул мезгилде сиздин балаңыз кайсы бир кырдалдарда ар кандай сезимдерди билдирүүнү үйрөнө баштайт. Ал сезимдерди билдирүүнүн барган сайын көбүрөөк жолдорун таба алат - сүйлөө, түшүндүрүү, жаңсоолор же оюн аркылуу. Барган сайын, ал кыйкыруунун же түрткөндүн ордуна аны эмне кыжалат кылып жаткандыгын айта алат.
Бул мезгилде, балдар, адатта, айланасында башка адамдардын да болгонун жакшы көрүшөт. Балаңыздын досторуна жагууну каалап, алардай болууну каалагандыгын көрө аласыз. Элестетилген (ойлоп тапкан) достор дагы деле болсо балаңыздын чоңоюшунун маанилүү бөлүгү болушу мүмкүн, бирок ал үчүн чыныгы достор эң маанилүү. Ал башкалар менен жакшы мамиледе боло баштады. Анын кечирим сураганын, эрежелерди кабыл алганын, кезек күтүп, башкаларга жагымдуу нерсе болуп жатканда, андан ырахат алаарын көрө аласыз. Ал дагы деле талапчыл же чыдамсыз болушу мүмкүн, бирок ал көп учурда кызматташат жана башкаларга жардам берүүнү каалайт. Ошол эле учурда, ал жаңы тажрыйбалардан, мисалы, бала бакчага барып баштагандан же жаңы балдар менен ойноодон чочулашы мүмкүн.
Сиз эмне жардам бере аласыз?
Балаңызды күнүмдүк иштерге, мисалы, үй-бүлөлүк тартипке, оюнга жана башка балдар менен аралашуусун кубаттаңыз. Аны менен ырахатыңызды бөлүшүңүз. Мүмкүнчүлүктөрдү түзүңүз, анда бала өзүн пайдалуу жана маанилүү сезет - үй жумуштарын жасоодо бир аз жардам, андан кийин мактоо анын өзү- өзүнө ишенүүсүн көтөрөт. Сын-пикирден алыс болуңуз жана аракетти мактаңыз. Эгер жардам керек болсо, так көрсөтмөлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү бериңиз.
Эгер ал жаңы бир нерсени сынап көрүүдөн качса же мектепке чейинки мекемеге баруудан корксо, анда ал жаңы кырдаал менен таанышып, даяр болгондо аракет кылып көрүңүз.
Ой жүгүртүү.
Эмне жаңы?
Оюн дагы деле болсо бала үчүн өзү жана аны курчап турган дүйнө жөнүндө үйрөнүү ыкмасы. Ушул жашта балаңыз өзүнүн фантазиясын интенсивдүү колдонот. Ал, балким, ырдаганды, бийлегенди жана түр көрсөткөндү жакшы көрөт. Ал жасалма менен чыныгы нерсенин айырмасын жакшыраак билет. Бирок, ошол эле учурда, ал ата-энесине жакпаган нерсени жасаган болсо, чындыкты жашырып коюшу мүмкүн. Ал ойноп жатканда ар кандай ролдорду жана жүрүм-турумдарды, мисалы, доктурду же мугалимди туурап көрүшү мүмкүн. Ушул мезгилде ал өзүнүн жынысы жана гендердик ролу жөнүндө көбүрөөк билиши ыктымал.
Балаңыздын үйрөнүп билүүсүнө анын өзүнүн жана башкалардын денеси жөнүндө, анын ичинде эркек балдар менен кыздардын денеси жөнүндө билүү кирет. Өзүнүн дагы, башкалардын дагы денесине болгон кызыгуу жана ынтызарлык уланууда. Ушул жаштагы баланы өзүнүн же башка балдардын жыныстык мүчөсүн кызыгуу менен караганына күбө болосуз.
Түшүнүктөр ушул мезгилде тездик менен өнүгүп, кийинчерээк үйрөнүү үчүн негиз болуп саналат. Балаңыз карама-каршылыктар жөнүндө жакшыраак түшүнүнөт (мисалы, жапыс/ бийик), бир нече тамга жана сандарды атап, айрымдарын жаза алат. Ал 10го чейинки нерселерди туура санай алат. Анын эс тутуму жакшырып баратат. Балким, өзүнүн дарегин же телефон номери эстеп калат. Ал сол тарабы менен оңдун айырмасын билиши мүмкүн.
Сиз эмне жардам бере аласыз?
Сүйлөшүүдө жана күнүмдүк иш-аракеттерде убакыт түшүнүктөрү жөнүндө, мисалы, эртең менен, кечинде,күндүз, түн, күндөр жөнүндө (кечээ, бүгүн, эртең) жана жуманын күндөрү, ошондой эле башка кызыктуу түшүнүктөр жөнүндө сүйлөшүңүз. Башка түшүнүктөрдү изилдөө үчүн окуяларды жана балдарга арналган китептерди колдонуңуз. Жомокторду окуп жатканда же импровизациялоодо, кичинекейиңизден кийин эмне болорун сураңыз. Паркта, айылда, шаарда сейилдеп, кооз жерлерди жана үндөрдү изилдөө үчүн мунун баары өз кезегинде анын ой жүгүртүүсүн шыктандырууга жардам берет.
Базардан сатып алчу азык-түлүктөрдү эстеп калуу үчүн тизме жазган сыяктуу тамгаларды жана сандарды күнүмдүк иш-аракеттерде колдонууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүңүз.
Кыймыл аракет.
Эмне жаңы?
Сиздин кичинекейиңиз барган сайын физикалык жактан даярдыгы жогорулады- эми ал ыргытып, кармап алып, селкинчек менен күүлөнүп жана бир нече майда буюмдар менен мунара курат. Ал секире алышы дагы мүмкүн. Ага азыр кийинүү оңой болуп калды. Ошондой эле ал өзүнүн муктаждыктарын өзү тейлей алат. Мисалы, ал кашык же башка идиштерди колдонуп тамактана алат. Даараткананы өз алдынча колдонот, тишин жана бети-колун эч кимдин жардамы жок эле жууйт.
Сиз эмне жардам бере аласыз?
Коопсуздук эрежелерин эсине салып туруңуз жана зарылчылыкка жараша физикалык иш-аракеттерде көзөмөлдөңүз. Балаңызга сыртта таза абада активдүү болуу мүмкүнчүлүгүн түзүңүз жана бир нерсени үйрөнүүгө дилгир болуп жатса, ага жаңы көндүмдөрдү үйрөтүңүз. Сүрөттөрдү тартуу жана чогултууга мүмкүн болгон жөнөкөй материалдарды берип,анын майда моторикалык чеберчилигин өнүктүрүңүз.
Баланын өнүгүүсүн оюн аркылуу кантип өнүктүрүүгө боло тургандыгын билүү үчүн, "Бирге ойноо" бөлүмүнө өтүңүз.
Ата-энелердин 49-айдан 60-айга чейинки мезгилдеги өнүгүүсүнө кооптонуусу
Ар бир бала өзүнчө өркүндөп өскөндүктөн, сиздин балаңыз кайсы бир жөндөмдү качан жана кантип өркүндөтөрүн так айтуу мүмкүн эмес. Ушул мезгилде күтүлүүчү жана саналып өткөн жөндөмдөр (өнүгүү этаптары) сизге балаңыз чоңойгон сайын күтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө жалпы түшүнүк берет. Сураныч, анын өнүгүүсү бир аз башкача жолго түшүп калса, кабатыр болбоңуз.
Ошентсе да, эгерде балаңызда өнүгүүсүнүн кечеңдеген белгилеринин бирин байкасаңыз, балаңыз мурунку курагында өздөштүргөн кээ бир көндүмдөрүн жоготуп койгондой сезилсе же сизде башка себептер болсо, анда мүмкүн болушунча эртерээк педиатрыңызга (же башка медициналык адиске) кайрылыңыз:
• Ишенимдүү баспайт, чуркабайт, жармашып чыкпайт, секирбейт же тепкичти колдонбойт
• Жөнөкөй суроолорго жооп бере албайт (Атың ким? Сенин үй-бүлөң ким? Сүйүктүү жомогуң кайсы?)
• Эки бөлүктөн турган багытты аткара албайт (Столдун үстүнө чөйчөктү кой! Же төшөктүн астынан топту ал!)
• Өз алдынча тамактануу же кийинүү сыяктуу күнүмдүк иштерди аткара албайт
• Карандаш кармоо кыйынга тургандай сезилет
• Өзгөчө жүрүм-турумун көрсөтөт (өтө коркок, же агрессивдүү, муңайым)
• Күнүмдүк иш-аракеттер жөнүндө сүйлөшпөйт
• Чоңдор менен да, балдар менен да өз ара аракеттенүүгө кызыкдар эмес
Бул тизмедеги айрым жүрүм-турум экрандын алдында убакыт өткөрүүгө байланыштуубу же жокпу деп чочулай турган мезгил. Экран алдындагы убакытты күнүнө эң көп дегенде бир саатка чектеп, балаңызга бул тажрыйбаны туура жолго салуу үчүн экрандын алдындагы ар бир көз ирмемди балаңыз менен өткөрүүнү унутпаңыз.
- https://raisingchildren.net.au/preschoolers/development/development-tracker/4-5-years
- Učenje i odrastanje: 37 do 60 mjeseci – Rast I razvoj djeteta iz mjeseca u mjesec, CEDEN – Centar porodičnih resursa za razvoj, obrazovanje I ishranu
- Dr sci Nirvana Pištoljević (2016), Rani razvoj deteta: šta treba znati, Udruženje pedijatara Srbije, Beograd.
- https://www.cdc.gov/ncbddd/actearly/pdf/checklists/Checklists-with-Tips_Reader_508.pdf