Баланын жүрүм-турумун тескөө үчүн тайм-аутту колдонуу

Тайм-аут деген эмне? Тайм-аут — сиз учурда баланы кызыктырган иш-аракетти токтотуп, кыска убакыттын ичинде ага көңүл бурбай койгон учур. Балаңыз өзүн ойдогудай алып жүрбөсө, баланын жүрүм-турумун тескөө үчүн тайм-аутту колдонсо болот. Тайм-аут ата-эне менен балдардын ортосунда жылуу, мээримдүү мамиле болгондо жана жүрүм-турумду тескөөнүн башка ыкмалары менен айкалыштырганда эң жакшы натыйжа берет — мисалы, татаал жүрүм-турумду алдын алуу (алаксытуу; баланы бир нерсе менен алектендирүү) жана алгылыктуу жүрүм-турумду кубаттоо.
Body

Тайм-аут кантип колдонулат?

Тайм-аутту ойдогудай пайдаланса, балдарга өзүн кандай алып жүрүү керектигин жана кантип жүрбөө керектигин үйрөтүүнүн күчтүү каражаты болот. Бирок аны туура колдонуу маанилүү. Бул макала сизге аталган стратегияны туура колдонууга жардам берүүгө багытталган.

Жада калса кичинекей балдар да өздөрүн туура эмес алып жүрсө, кыска убакытка башка адамдардан жана кызыктуу буюмдардан кыска убакыт ажырап калышы ыктымал экендигин түшүнөт. Тайм-аут балаңызга эмне болгонун жана кийинкиде өзүн кандайча алып жүрүшү керектигин ойлонууга мүмкүнчүлүк берет.

Тайм-аут балдарды какыс-кукус кылуу сыяктуу тарбиялоонун башка усулдары менен салыштырмалуу кыжырын келтирбейт, уялтпайт же коркутпайт.

Бала менен болгон мамилеңиз, чогуу өткөргөн убактыңыз жылуулук менен мээримге толгондо, баланын жаш курагына ылайык жүрүм-турумду күткөнүӊүздө тайм-аут жакшы натыйжа берет. Эгер балаңыздын жүрүм-туруму же жашооңуздагы башка жагдайлар сиздин ага болгон мамилеңизге таасир этсе, догдур же башка адис менен сүйлөшүңүз.

Тынчтанууга убакыт жана тайм-аут

Мындай стратегиянын эки түрү бар: тынчтанууга убакыт жана тайм-аут.

Тынчтанууга убакыт

Мында сиз кандайдыр бир кырдаалды токтотосуз, бирок баланы башка жакка жибербейсиз. Мисалы, сейил бакта жүрсөңөр, балаңызга дарактын түбүндө беш мүнөт отуруп, тынчтан деп айтсаңыз болот. А үйдө болсоңуз, балаңыздан өзүңүз турган бөлмөдөгү отургучка отурушун сурансаңыз болот.

Эгер балаңыз бир бөлмөдө тынч отургусу келбесе, башка бөлмөдө тайм-аут сунуштасаңыз болот.

Тайм-аут

Эгер тайм-аут маалында балаңыз өзүн туура эмес алып жүрсө, тайм-аут үчүн алдын ала белгиленген жерге, мисалы, бош бөлмөгө же коридорго барат. Тайм-ауттун орду — бул адатта, коопсуз жана ээн бөлмө же оюнчугу жок жер.

Сиз эшикти ачык калтырсаңыз болот, бирок балаңыз ага уруксат бериле электе чыгып кетсе, тайм-аут бүткөнгө чейин эшикти жаап койсоңуз болот. Бул сиздин балаңыз менен урушуп кетпешиңизге мүмкүндүк берет.

Эгер тайм-аут балаңыз же сиз жактан агрессивдүү жүрүм-турумга алып келиши мүмкүн болсо, эшикти жаап койгон туура чечим болот. Тайм-аут убагында балаңызга көз салып турууну кааласаңыз, эшикти ачык калтырсаңыз болот.

Эсиңизде болсун, тайм-аут дайыма эле туура боло бербейт. Кээде кыжырга тийүүчү жүрүм-турум балаңыз өзүн начар сезгенде, үй-бүлөдө көйгөй бар болсо же башка себептерден, балаңыздын өсүп-жетилүүсүндөгү белгилүү бир баскычтан улам пайда болот. Балаңыздын жүрүм-турумун тескөө стратегиясын тандоодо муну эстен чыгарбаңыз.

Тайм-аутту колдонууну үй-бүлөңүзгө кантип киргизүү керек?

Тайм-аут стратегиясын колдонууну баштоодон мурда ойлоно турган бир нече жагдайлар бар.

Сиз тынчтандыруучу кандай стратегияларды колдоносуз?

Сиз тайм-аутту колдонуп жатканда эң биринчи өзүңүздү токтоо кармаганыңыз оң. Эгерде жабыгып, кыйналып турсаңыз, тулку-боюӊузду жана акыл-эсиӊизди эс алдыруу үчүн бир нече жолу терең дем алыңыз.

Сиздин балаңыз канча жашта?

Тайм-аут 3-8 жаштагы балдар үчүн пайдалуу стратегия болушу мүмкүн. Адатта үч жашка чейинки балдар тайм-аутка даяр эмес. Башка макалаларда айтылган башка ыкмаларды колдонгон жакшы.

Балаңыз чоңоё баштаганда аны үй-бүлөлүк чектөөлөрдү жана эрежелерди түзүүгө аралаштыра баштасаңыз болот.

Бул үчүн азыр ылайыктуу учурбу?

Кээде балдар жашоосунда өзгөрүүлөр болгондо жүрүм-туруму татаалдай баштайт — мисалы, кичинекей бөбөгү төрөлгөндө, үй-бүлөсү башка жакка көчүп барса же бала бакчага же мектепке бара баштаганда. Дүйнөдөгү пандемия үй-бүлөлөрдү жабыктырып, балдарга да, чоңдорго да таасирин тийгизүүдө.

Мындай учурларда сиз балаңыздын өзгөрүүлөргө көнүшү үчүн убакыт берип, позитивдүү жүрүм-турумга үндөш үчүн башка ыкмалар тууралуу ойлонгонуңуз жакшы.

Кандай жүрүм-турумду калыптандыргыӊыз келет?

Балаңыздын жүрүм-туруму жана өзүӊүз эмнени өзгөрткүңүз келерин, мисалы, мушташпай, сөгүнбөй калышы үчүн эмне кылуу керектигин ойлонуңуз. Эсиңизде болсун, бир эле учурда ар кандай эмес, конкреттүү бир жосунду өзгөртүүнүн үстүндө аракеттенген жакшы. Кайсы бир жүрүм-турум көйгөй болбой калганда, башка, мисалы, оюнчуктарды чачып салмай адатын таштатууга өтсөңүз болот.

Тынчтандыруу жана тайм-ауттар үчүн канчалык убакытты тандоо керек?

Ыкманын натыйжалуулугу анын узак колдонулушу менен түздөн-түз байланыштуу эмес. Баланын курагынын ар бир жылына бир мүнөт, максимум беш мүнөткө чейин белгилөө сунушталат — мисалы, үч жаштагы бала үчүн үч мүнөттөн, 5-8 жаштагы балдар үчүн беш мүнөттөн ашырбоо керек. Убакытты көзөмөлдөө үчүн таймерди колдонсо болот.

Баланы тайм-аутка жиберерден мурда эскертүү керекпи?

Бул кырдаалга жана балаңызга жараша болот. Балким, сиз тайм-аутту колдонуудан мурда жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн балаңызга мүмкүнчүлүк бергиңиз келер. Же болбосо, кээ бир жосундары, мисалы, мушташканы же тиштегени үчүн дароо тайм-аут талап кылынат деп чечерсиз.

Эгер сиз тайм-аутка чейин эскертүү берүүнү чечсеңиз, балаңыздын жүрүм-туруму өзгөрбөсө, убадаңызды аткарыңыз. Болбосо, тайм-аут иштебейт.

Муну балага кантип түшүндүрөсүз?

Эгер сиз бул ыкманы мурда колдонбогон болсоңуз, анда балага кандай жүрүм-турум тайм-аутка алып келерин жана анда эмне болорун ачык түшүндүрүшүңүз керек болот. Мындай сүйлөшүүнүн эң ыңгайлуу учуру – экөөңүздөр тең тынч болгон абал. Кичинекей балдарга өздөрүнүн жүрүм-туруму менен тайм-ауттун ортосундагы байланышты түшүнүшү үчүн улам эскертип, айтып туруу шарт.

Кичинекей балдарга колдонула турган чараны жумшак оюнчук, куурчак же башка чоң кишинин жардамы менен түшүндүрүүгө аракет кылсаңыз болот.