Ден соолукту үзгүлтүксүз профилактикалык текшертүү: 5 ай
Балаңыз балким чалкасынан жатканда ичине оодарылышы жана тескерисинче эки жакка тең оодарылышы жана сиз менен баарлашууда ар кандай үндөрдү чыгара баштады (чыйылдайт, гүүлдөйт, үнүнүн бийиктигин ар кандай өзгөртөт)
Кабыл алууга даярдануу
• Балаңыздын сүйүктүү оюнчугун жана дарыгерге берилүүчү суроолордун тизмесин ала барыңыз.
Профилактикалык текшерүү өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
• Өсүүгө мониторинг жүргүзүү. Адаттагы өлчөөлөр жүргүзүлөт: дене салмагы, дененин узундугу жана баштын айланасы өлчөнөт.
• Киришүү маеги жана кенеш берүү: Баланын тамактануусу жана өсүүсү мурдагыдай эле үй-бүлөлүк дарыгер менен маектешүүдө негизги тема болуп саналат. Балаңыз жалаң гана эне сүтүн эмүүнү уланта бергени жакшы. Сиз үй-бүлөлүк дарыгер менен биргеликте балаңыздын өсүшү, дене салмагынын көбөйүүсү жана жүрүм-турумунун негизинде тамактануусун жана баланын өнүгүүсүн баалайсыз.
• Медициналык текшерүү жана өнүгүүнү баалоо: Үй-бүлөлүк дарыгер баланы кадимки текшерүүдөн өткөрөт. Ал чалкасынан жатканда өзүн кандай кармай тургандыгын; ал чалкасынан жатып кайра көмкөрөсүнөн оодарыла баштадыбы, бала өз алдынча отура элек болсо дагы, ар кандай абалда болгондо жана отурганда башын, тулкусун, буттарын кандай кармай тургандыгын текшерет.
• Үй-бүлөлүк дарыгер байкоо жүргүзөт: ал апасына жана өзүнө тааныш адамдарга кандай карайт, ошондой эле дарыгерге/медайымга бейтааныш адам катары кандай карайт, оюнчук менен кантип ойнойт жана аны оозуна салабы же жокпу байкоо жүргүзөт.
• Текшерүү учурунда сиз балаңыздын өнүгүүсүнүн бардык маанилүү жактары жөнүндө сөздү уланта берсеңиз болот.
Эмдөө
• Сиздин үй-бүлөлүк дарыгериңиз же медайымыңыз балаңыз ушул убакка чейин кайсы вакциналарды алгандыгын жана акыркы келүүдө алган вакциналарга кандай реакция кылгандыгын текшерет. Эгерде балаңыз кайсы бир себептен улам мурдагы келүүлөрдүн учурунда алууга тийиш болгон эмдөөлөрдүн бирин албай калган болсо, мунун ордун толуктоо мүмкүнчүлүгү бар.
Жыйынтыктоо
• Акырында үй-бүлөлүк дарыгер адатта дагы бир нече оозеки сунуштарды жана эгерде мүмкүн болсо маалыматтык материалдарды берет. Ал ошондой эле кийинки келүүнүн убактысын эскертет.
Пландуу медициналык текшерүү учурунда балаңыз ийгиликтүү өнүгүү үчүн керектүү колдоого ээ болот. Бул мүмкүнчүлүктү өткөрүп жибербеңиз!