Ден соолукту үзгүлтүксүз профилактикалык текшерүү: 3,5-4 ай

Кадимки текшерүү - балаңыздын өсүшүнө, өнүгүүсүнө жана ден соолугуна көбүрөөк көңүл буруу, ошондой эле балаңыздын ден соолугун жана өнүгүүсүн колдоо жана жакшыртуу максатында ушул куракка дайындалган эмдөөлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү. Өнүгүүдө кандайдыр бир көйгөйлөр пайда болгон учурда, кадимки текшерүү аларды аныктоого жана өз убагында чара көрүүгө жана зарыл болгон чараларды көрүүгө жардам берет.
Body

Балаңыз абдан тездик менен өсүп жатат жана денесинин айрым бөлүктөрүнүн кыймылдарын башкара турган куракка жетти, өзүн жана анын айланасындагы адамдарды таанууну тынымсыз улантып жатат. Ал албетте сиз менен жана өзүнүн колдору менен ойногонду жакшы көрөт.

Кабыл алууга даярдануу

• Бул аралыкта балаңыздан байкаган маанилүү нерселерди жазыңыз, мисалы: аны менен сүйлөшкөндө күлөт же ал тургай кыткылыктайт; анын колуна берген оюнчукту тартып алат; бөлмө ичиндеги кыймыл-аракетиңизди көзөмөлдөйт ж.б.у.с. Эгерде сизде суроо же шектенүүлөр болсо, аларды дарыгер үчүн даярдалган тизмеге кошуңуз.

Профилактикалык текшерүү төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт:

• Өсүүгө мониторинг жүргүзүү: дененин салмагы, дененин узундугу жана баштын айланасы баланын өсүшүнүн маанилүү параметрлери болуп саналат жана баланын курагына ылайык өнүгүп жатабы же жокпу баалоого жардам берет.

• Киришүү маеги жана кеңеш берүү: Дарыгер же медайым менен баарлашуу учурунда тамактануу мурдагыдай негизги темалардын бири болуп кала берет. Сизден балаңызды кандай тамактандырып жатканыңызды, бала тамактангандан кийин канааттангандай жана тойгондой көрүнөбү деп сурашат. Түндө канча жолу ойгоносуз? Эгерде бала эмчек эмбесе, тамактандыруу үчүн эмне колдонулат.

• Сергек жашоо мүнөзү: үй-бүлөлүк дарыгер же медайым сизге тамеки түтүнүнүн зыяндуулугу, уюлдук телефон, планшет, сыналгынын эрте таасир этүүсүнүн зыяны,  күндүн нурунан коопсуз таасири жана баланы автоунаада кантип коопсуз алып жүрүү керектиги тууралуу айтышат.

• Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарды жеңүү: Сиз чоңураак балдардын кызганычын кантип жеңүү керектигин жана жумушка байланыштуу кыйынчылыктарды талкууласаңыз болот.  

Медициналык текшерүү жана өнүгүүнү баалоо

• Дарыгер баланы текшерүүнү мурунтан эле белгиленген тартипте жүргүзөт.

• Ал баланын башын токтотуп калганына жана анын денесин белгилүү бир абалдарда кармаганына көңүл бурат. Үй-бүлөлүк дарыгер же медайым бала эки колу менен тең кыймылдарды жасап жатабы же жокпу жана оюнчукту кармай алабы же жокпу баалоого  аракет кылат; мимикасына, денесинин кыймыл-аракетине, бөлмөдөгү сиздин кыймылдарыңызга жана ар кандай күтүлбөгөн үндөргө кандай реакция кыларына байкоо жүргүзөт. Алар сизден бала үн чыгарып жатабы деп сурашат.

• Сүйлөшүүгө жигердүү катышууга даярданыңыз жана айрым шектенүүлөрүңүз же сизди тынчсыздандырган суроолор боюнча түшүндүрмө берүүнү өтүнүңүз.

Эмдөө

• Үй-бүлөлүк дарыгериңиз же медайымыңыз балаңыз учурдагы профилактикалык эмдөө календарына ылайык вакциналарды алганбы же жокпу текшерет.

• Алар акыркы жолу барганда алган вакциналардан кийин кандай абалда болгонун сурашат.

• Эгерде баланын ден соолугунун абалы нормалдуу болсо жана ал вакцинанын акыркы дозасына күтүлгөндөй реакция көрсөткөн болсо, анда 3,5 айында төмөндөгү вакциналарды алат: кептөөр, селейме, көк жөтөл, В гепатити жана гемофилдик инфекцияга каршы вакцинанын эки дозасын бир бутунун алдыңкы каптал бөлүгүнө булчуң ичине жана экинчи санынын алдыңкы каптал бөлүгүнө булчуң ичине инактивацияланган полиомиелит вакцинасынын (ИПВ) дозасын, полиомиелит вакцинасын жана ротавирус инфекциясына каршы вакцинаны ооз аркылуу алат.  

  • Сизге үй-бүлөлүк дарыгер же медайым ийне сайылган жерде кызаруу, катуулануу жана ооруксунуу пайда болсо дарыгерге кайрылуу керектиги тууралуу кеңеш беришет. Эмдегенден кийинки биринчи күндөрдүн ичинде айрым балдарда температуранын жогорулашы, талмоорсуу, тынчсыздануу пайда болот, чыргоолонушу жана ыйлашы мүмкүн, мындай учурда ыңгайсыздыкты же адатта ал 2-3 күн кармалып, андан соң өз алдынча өтүп кетет. Дене табы 380Сдан жогорулаган учурда балага үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан жазылып берилген дозада парацетамол берүү керек.

Жыйынтыктоо

• Кабыл алуунун аягында үй-бүлөлүк дарыгер балаңыздын ден соолугунун абалы жана өнүгүшү жөнүндө өз ою менен бөлүшөт жана акыркы сунуштарын берет.

• Сиз баланын жаш курагына ылайык келген маалыматтык материалдарды жана кийинки кабыл алуу боюнча билдирүүнү ала аласыз.

Кабыл алуудан кийин

• Кабыл алуу учурунда алган жаңы маалыматтарды жана сунуштарды жазып алыңыз.

Үзгүлтүксүз медициналык текшерүүлөр сиздин балаңыз үчүн маанилүү, анткени ал өсүү жана өнүгүү үчүн керектүү колдоого ээ болот, ошондой эле сиз үчүн дагы маанилүү, сиз ата-эненин ролун аткарууда билимдерге жана ишенимге болосуз.