Ден соолукту үзгүлтүксүз профилактикалык текшерүү: 6 ай
Балаңыз салмактуу болуп бара жатат жана төрөлгөндөн тартып ушул убакка чейин салмагы эки эсеге көбөйүшү күтүлөт. Бул убакыттын ичинде ал сенсордук: жыт, даам, көрүү, угуу, тийүү сыяктуу жөндөмдүүлүктөрүн колдонууну үйрөндү жана аларды кыймыл-аракет активдүүлүгү: кармоо, оодарылып кетүү жана балким отуруу менен эпчилдик менен колдоно баштады. Ал үн чыгаруу менен алектене баштады, балким ал муундарды түзө баштагандыр, балким ал гана эмес аларды кайталап жаткандыр.
• Кабыл алууга адаттагыдай эле даярдануудан тышкары, төмөнкүлөрдү: балаңыздын сүйүктүү оюнчугун же түстүү китепчесин ала барууну унутпаңыз жана сиз үй-бүлөлүк дарыгер менен талкууламакчы болгон темалардын же суроолордун тизмесин түзүп алыңыз.
Профилактикалык текшерүү өзүнө камтыйт:
- Өсүшкө мониторинг жүргүзүү: мурдагыдай эле узундугу, салмагы жана баштын айланасы өлчөнөт жана алардын маанилери өсүү диаграммаларына (медициналык карталарына) киргизилет.
- Киришүү маеги жана кенеш берүү: Үй-бүлөлүк дарыгер же медайым баланын канчалык чоңойгонун жана кандай тамактанып жаткандыгын текшерет. Эгерде бала эмчек эмсе, эмчек эмизүүнү улантууну сунуш кылат. Ар кандай катуу азыктарды акырындык менен киргизүү жана кошумча тамактардын санын акырындык менен көбөйтүү боюнча сунуштарды аласыз. Үй-бүлөлүк дарыгер кошумча тамак киргизүүдө эң көп кездешкен көйгөйлөр жана мүмкүн болгон тоскоолдуктар менен тааныштырып, конкреттүү кеңештерин берет.
- Үй-бүлөлүк дарыгер баалайт жана Д витамининин таңсыктыгын жокко чыгаруу максатында D3 витамининин профилактикалык дозаларын сунуштайт. Темир жетишсиздик аз кандуулугун алдын алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгер темир препараттарын дайындайт (КР СжСӨМдүн клиникалык протоколуна ылайык).
• Медициналык текшерүү жана өнүгүүнү баалоо: баланы "башынан аягына чейин" үзгүлтүксүз диспансердик текшерүү. Бул жолу дарыгер баланы белгилүү бир абалда өзүн кандай кармаганын, жерге таянуу менен бутуна ишенимдүү тура алабы, жокпу ; буюмду эки колу менен кармайбы жана аны менен кантип ойной тургандыгына байкоо жүргүзөт. Ошондой эле сизден баланын канчалык активдүү экендиги, кандай уктаары жөнүндө сурайт. Сиз өзүңүздү кызыктырган суроолорду бере аласыз.
• Сергек жашоо мүнөзү: үй-бүлөлүк дарыгер сизге бала үчүн тамеки түтүнүнүн зыяндуулугу, уюлдук телефон, планшет, сыналгынын эрте таасир этүүсүнүн зыяны тууралуу айтып берет. Ымыркайды бөтөлкө менен төшөккө жаткырбоо, айрыкча сүт аралашмасы же таттуу суусундук куюлган бөтөлкө менен жаткырууга болбостугун, күн нурунун коопсуз таасир этүүсү жана баланы автоунаада кантип коопсуз алып жүрүү керектиги тууралуу айтып берет. Мындан тышкары ымыркайга китеп окуп жана ырдап берүүнүн маанилүүлүгү жана ымыркайды үй-бүлөлүк иш-чараларга кантип кошуу керектиги жөнүндө айтат.
Эмдөө
- Эгерде сиздин балаңыз кандайдыр бир себептер менен мурунку келүүлөрдө алышы керек болгон эмдөөлөрдүн бирин өткөрүп жиберген болсо, анда анын ордун толтурууга мүмкүнчүлүк бар.
Жыйынтыктоо
• Кабыл алуунун аягында үй-бүлөлүк дарыгер сиздин балаңыздын өсүүсү жана ден соолугуна өзүнүн баасын берет.
• Балаңызга үйрөнүүгө жана кыймылдоосуна кантип жардам берүү керектиги боюнча сунуштарды берет, балким маалыматтык материалдарды сиз менен бөлүшүүсү мүмкүн.
• Зарыл болгон учурда бала башка адистер менен кошумча консультациялык текшерүүлөргө жиберилет.
Кабыл алуудан кийин
• Жаңы маалыматтарды жана пайдалуу кеңештерди жазыңыз.
Балаңыз тез өсүп жана өнүгүп жаткандыгын, сизге балаңыз төрөлгөндөгү потенциалды толугу менен ишке ашырышы үчүн кесипкөй жардам жана колдоо керек экендигин эсиңизден чыгарбаңыз. Бул мүмкүнчүлүктү өткөрүп жибербеңиз!