Ден соолукту үзгүлтүксүз профилактикалык текшерүү: эки айлык куракта

Ушул курактагы пландуу текшерүүлөрдүн максаты балаңыздын боюн, өнүгүүсүн жана ден соолугун текшерүү, зарыл болгон эмдөөлөрдү аткаруу жана анын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн башка сунуштарды берүү болуп саналат.
Body

Азыр сиз тажрыйбалуу ата-энесиз. Балаңыз сизге ага кандай мамиле жагаарын,  сиз аны көтөргөндө, терметкенде, кучактаганда, сүйлөшкөндө же ырдаганда өзүн жакшы сезерин билдирди. Ал өзүнүн денесин изилдей баштады болушу керек, балким сиз ал өзүнүн колдоруна кантип байкоо жүргүзүп  жатканын көрдүңүз.

Медициналык кароого даярдануу үчүн жаныңызга ала келиңиз:

  • кошумча балдар жуурканын
  • бардык медициналык документацияны (мисалы, сиз баланын сандарына УДИ жасаткан болсоңуз) 
  • дарыгериңиз менен балаңыздын ден соолугу жана өнүгүүсү жөнүндө сиз талкуулоону каалаган негизги темалардын тизмеси 

Профилактикалык кабыл алуунун мазмуну 

  • Өсүшкө мониторинг жүргүзүү: баланы өлчөө ар бир пландуу ден соолукту текшерүү учурунда милдеттүү болуп саналат, андыктан бойдун жана баштын айланасынын өлчөмү өсүү диаграммасына киргизиле тургандыгын күтсөңүз болот. 
  • Киришүү маектешүүсү жана кенеш берүү: Дарыгер балаңыздын канчалык чоңойгонун текшерип, сиз менен тамактануу жөнүндө сүйлөшөт. Ал сизден баланы канчалык тез-тезден тамактандыра турганыңызды; тамактануу менен уктоонун ортосундагы тең салмактуулукту кандай аткарып жаткандыгыңыз боюнча сурайт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып баланын тамактануусуна жана жүрүм-турумуна байланыштуу сизди кызыктырган нерселердин бардыгын сураңыз. Дарыгер 6 айга чейин тамактануунун өзгөчө түрү катары эмчек эмизүүнү колдоого аракет кылат. 
  • Күн тартибин орнотуу - өзгөчө маанилүү тема, анткени бала окуялар белгилүү бир мыйзам ченемдүүлүккө жана алдын-ала божомолдоого ээ болгондо тез үйрөнөт жана өзүн көбүрөөк коопсуз сезет, ошол эле учурда андан эмне күтүп жатышкандыктарын түшүнүүгө жардам берет. Буга убагында тамактануу, дайыма бир эле маалда көчөгө чыгуу, жуунуу, жомокторду угуу жана ата-энелер менен ойноо, уктоо кирет. Аралашма же таттуу суусундуктар куюлган бөтөлкө менен уктоонун алдын алуу, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эрте таасир этишинин алдын алуу, тамеки түтүнүнүн таасирин алдын алуу, күндүн жарыгынын коопсуз таасир этиши жана баланы унаада коопсуз ташуу ыкмалары. 
  • Медициналык текшерүү жана өнүгүүнү баалоо: Дарыгер баланы үзгүлтүксүз клиникалык текшерүүдөн өткөрүп турат. 
  • Ал баланын өзү жөнүндө кандайча билдиргенине жана көрүү байланышы бар же жоктугуна, ага кайрылганда жылмайганына өзгөчө көңүл бурат, көздүн кызыл рефлексин текшерет. Дарыгер ошондой эле баланын белгилүү бир абалдарда өзүн кандай кармагандыгын, башын жакшыраак кармап калдыбы, муштумун ачкандыгын да; аны айлана-чөйрөдө болуп жаткан окуялар канчалык кызыктырарына дагы байкоо жүргүзөт.
  • Дарыгер ошондой эле балаңыздын көрүнүп турган керектөөлөрүнө кандай жооп берип жатканыңызга дагы байкоо жүргүзөт.
  • Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып балаңыздын ден соолугу жана өнүгүшү жөнүндө көбүрөөк сураңыз. 

Эмдөө 

  • Дарыгериңиз балаңыз төрөлгөндөн бери бардык керектүү вакциналарды алганын текшерет. 
  • Сизге ушул куракта айрым вакциналарды алуу эмне үчүн маанилүү экендиги жөнүндө маалымат берилет. Эгерде баланын ден соолугу жакшы болсо ага керектүү вакциналар жасалат. 
  • Бир вакцина биринчи буттун санына сайылат жана бул кептөөр, селейме, көк жөтөл, полиомиелит, В гепатити жана «В» тибиндеги гемофилдик инфекцияга каршы айкалышкан вакцинанын биринчи дозасы болот, ал эми экинчи буттун санына -  пневмококк инфекциясы тарабынан пайда болгон ооруларга каршы вакцинанын биринчи дозасы сайылат жана ротавирус инфекциясына каршы вакцинаны ооз аркылуу берет.
  • Сиз эмдегенден кийин пайда болушу мүмкүн болгон жеңил кыйыр таасирлер жана мындай учурда эмне кылуу керектиги жөнүндө маалымат аласыз. 

Жыйынтыктоо 

  • Кабыл алуунун аягында дарыгер балаңыздын ден-соолугунун абалы жана өнүгүшү жөнүндө өз пикирин айтып, алдыдагы мезгил үчүн маалымат берет жана кийинки кабыл алууну белгилейт. 

Кабыл алуудан кийин  

  • Кабылдаманын жүрүшүндө алган жаңы маалыматтарды жана сунуштарды жазууга аракет кылыңыз. 

Ден соолукту үзгүлтүксүз текшерүү - бул балаңыздын ден соолугун текшерүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле айрым көйгөйлөрдү сурап жана балаңыздын ден соолугун жана өнүгүүсүн ийгиликтүү колдоо боюнча керектүү кеңештерди жана сунуштарды алууга болгон мүмкүнчүлүк.