Эпидемиялык тепки (сакоо)

"Эпидемиялык тепки (сакоо) - бул шилекей бездеринин вирустук инфекциясы, ал адатта калтыратманы пайда кылып, андан кийин шилекей бездеринин сезгенүүсү башталат. Анын негизги оордошуулары - жумурткалыктардын жана мээнин сезгениши. Эгер балаңызда “сакоо” бар деп ойлосоңуз дарыгерге кайрылыңыз. Тепкинин симптомдорун дарылоо үчүн парацетамол, ибупрофен пайдаланыңыз, тынч жатыңыз жана суюктукту көбүрөөк колдонуңуз. Иммундаштыруу – эпидемиялык тепкиге каршы эң мыкты коргоо".
Body

Тепки жөнүндө

“Сакоо” эпидемиялык тепки вирусу аркылуу пайда болот, ал чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө аба аркылуу жугат.

Тепкинин симптомдору

Тепкинин вирусу адатта балдарга, кандайдыр бир симптомдор пайда болгонго чейин 14-15 күн мурун жугат.

Эпидемиянын алгачкы белгилери - ысытма, баш оору жана чарчоо.

Көп учурда оору дене табынын 38- 390Сга чейин жогорулашы, алгач беттин бир тарабындагы, андан кийин экинчи тарабындагы кулактын түбүндөгү бездин шишип жана чоңоюшу менен курч башталат. Бет тегерек тартып калат, буга байланыштуу оорунун «сакоо» деген аталышы келип чыккан. Кулак түбүндөгү без өтө чоңоюп кеткенде моюн шишип кетет, ал чайноо жана жутууда оорутууну пайда кылат.

Эпидемиялык тепкиге чалдыккан эркек балдарда кээде жумурткалыктарда шишик жана оорутуу пайда болушу мүмкүн. Бул, адатта келечектеги фертилдүүлүк (тукум улоо жөндөмдүүлүгү) менен көйгөйлөрдү жаратпайт.

Өтө сейрек учурларда тепки менингитке, энцефалитке, панкреатитке жана угуу көйгөйлөрүнө алып келиши мүмкүн. Эркек балдарда орхит (жумурткалыктардын сезгениши) өнүгүшү мүмкүн, бул кийин тукумсуздуктун себепчиси болушу мүмкүн.

Эпидемиялык тепкиге чалдыккан балдар шилекей бездери чоңое баштаганга чейин бир нече күн жана шишип баштагандан кийин беш күнгө чейин оору жуктуруучу болушат.

Балаңыздын эпидемиялык тепкиси боюнча дарыгерге кайрылуу керекпи?

Ооба. Сиз балаңызды дарыгерге алып барышыңыз керек, эгерде:

  • балаңызда «сакоо» оорусу бар деп ойлосоңуз
  • уулуңуздун жумурткалыктары шишимик тартып жана оорутуп жатса
  • балаңыз башынын оорусуна, алсырап жатканына жана дене табы жогорулаганына даттанат.

Тепкиге анализдер

Дарыгер балаңыздагы «сакоону» аныктоо үчүн кан үлгүсүн же оозунан сүртүндү алышы мүмкүн.

Тепкини дарылоо

Балдардын көпчүлүгү тепкиден кесепетсиз толугу менен айыгат.

Тепкиге каршы атайын дарылоо жок, бирок бул жерде балаңыздагы симптомдорду жеңилдетүүнүн бир нече ыкмалары сунушталат:

  • температураны түшүрүп, ооруну жана ыңгайсыздыкты басаңдатуу үчүн парацетамол же ибупрофенди дарыгердин дайындоосу боюнча бериңиз;
  • баланын суюктукту көп суу ичүүсүн жана көбүрөөк эс алуусун колдоңуз;
  • балаңыз өтө катуу чайнабашы үчүн жумшак тамактарды бериңиз;
  • балаңызга кычкыл тамак берүүдөн алыс болуңуз, анткени бул азыктар шилекейдин бөлүнүп чыгуусун стимулдаштырат.

Эгер сиз тепкиге чалдыккан баланы багып жатсаңыз, колду жакшылап жууганды эсиңизден чыгарбаңыз.

Тепки менен ооруп калган балдар, шилекей бездери чоңоюп жана шиший баштагандан кийин, бери дегенде, беш күндөн кийин бала бакчага, мектепке чейинки мекемелерге же мектепке барбашы керек.

Тепкинин алдын алуу

Эпидемиялык тепкиден сактануунун эң жакшы жолу - эмдөө алуу.

Тепкиге каршы эмдөө КР Профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык балага 12 айында жана 6 жашында (ревакцинация) КПК вакцинасы менен жасалат, ал сиздин балаңызды кызылча, тепки жана кызамыктан коргойт.  

Айрым ата-энелер КПК вакцинасы аутизмдин келип чыгуусунун жогорку тобокелчилиги менен байланыштуу деп тынчсызданышат. Аутизм жана КПК вакцинасынын ортосундагы байланышты тастыктаган эч кандай илимий далилдер жок. Эгерде сизде КПК вакцинасы боюнча кандайдыр бир чочулоо бар болсо, аларды үй-бүлөлүк дарыгер менен талкуулаңыз.