Гемофилдик инфекция (Hemophilus influenzae түрү b (Hib) тарабынан пайда болгон оорулар
Гемофилдик инфекция оорулуу адам айлана-чөйрөгө жөтөлүп жана чүчкүргөн учурда бөлүп чыгарган тамчылар аркылуу аба менен жугат.
Гемофилдик инфекция көп учурда дем алуу жолдорунун сезгенүү ооруларын пайда кылат, бирок оор учурларда адамдын ар кандай органдарынын жана ткандарынын сезгенүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Оорунун белгилери жана симптомдору
Эпиглотит: Коко – бул кекиртектин кемирчеги, ал дем алуу жолдоруна тамак-аштын кирип кетишине бөгөт коё турган тилдин артында жайгашкан пластинкадан турат.
Эпиглотитте баланын дене табы 390С жана андан жогору болот, тамакта катуу оору пайда болуп, дем алуусу кышылдайт, ага жутуу жана дем алуу оор болот. Коконун шишип кетиши жана сезгениши дем алуу жолдорунун тарышына жана муунууга алып келет. Мындай абал шашылыш медициналык кийлигишүүнү талап кылат.
Менингит жана башка оорулар: Кан айланууга жогорку дем алуу жолдору аркылуу кирген Hib бүткүл организмге жайылып, ар кайсы органдарда жана ткандарда жерлерде сезгенүү процесстерин пайда кылат: мээ кабыктары, өпкө, муун, тери астындагы ткандарда, көбүнчө бет жана моюн тарапта.
Бул оордошуулар эмделбеген балдарда болушу мүмкүн жана оорунун белгилери жабыркаган органга көз каранды. Вакцина киргизилгенге чейин бул бактерия менингиттин эң көп таралган себеби болгон, ал дене температурасынын жогорулашы, баш оору, уйкусуроо, моюндун катышы (чыңалышы), кусуу жана психикалык бузулуулар менен коштолот. Антибиотиктер колдонулгандыгына карабай, балдардын 3% -6%ында HIB-менингит өлүмгө алып келет жана жабыркаган балдардын 30%га чейинкилеринде угуунун бузулушу менен аяктайт.
Кам көрүү
Оор инфекциялар ооруканада антибиотиктер менен дарыланат.
Алдын алуу
Hib бактерияларын козгогон оор дарттарга эмдөө аркылуу бөгөт коюуга болот.
КР алдын алуу эмдөөлөр календарына ылайык гемофилдик инфекцияга каршы эмдөө, көк жөтөл, кептөөр, сенек, В вирустук гепатити жана b тибиндеги гемофилдик инфекцияга каршы колдонулуучу айкалышкан көп компоненттүү пента вакцина менен баланын 2 айында, 3,5 айында, 5 айында жасалат.