Керектүү сүттүн өлчөмү

Ар бир эненин эң чоң коркунучу - баласына сүтү жетиштүүбү же жакшы өсүп жатабы деген тынчсыздануу. Бул кошумча тамак (керексиз) киргизүүнүн, ал тургай жасалма тамактандырууга толугу менен өтүүнүн эң көп таралган себептеринин бири болуп чыкты.
Body

Бала жетишерлик сүт алып жаткан болот, качан ал:

  • күнүнө 12 ден кем эмес, күндүз 8 жолу, түндө 4 жолу;
  • кыска тыныгуулар менен ыргактуу кыймылдар менен сорот, ээгинин кыймылы көрүнүп турат, жутуп жатканы угулат;
  • жалаягын 24 сааттын ичинде 6 же андан көп жолу агыш заара менен нымдайт;
  • адатта 24 сааттын ичинде 3-6 жолу заңдайт.
  • айына 500 гр же жумасына 125 гр салмак кошот.

Балаңыз сүткө болгон керектөөсү канааттандырылбай калышы мүмкүн, эгерде ал:

  • энергияны үнөмдөө үчүн узак аралыктар менен уктаса (4 сааттан ашык);
  • алсыз үн менен ыйлайт;
  • өтө аз санда заңдайт же такыр заңдабайт;
  • өтө көп эмет;
  • жетиштүү салмак кошпойт;
  • аз заара кылат, суу жалаяктарын саны суткасына 6га жетпейт, салмактары жеңил, заарасы топтологон эмес.

Физиологиялык салмак жоготуу

Төрөттөн кийинки алгачкы күндөрдө жаңы төрөлгөн бала арыкташы мүмкүн. Бул биринчи заңдын/меконийдин  жана ашыкча суюктуктун  чыгышына байланыштуу.

Мунун баары орточо эсеп менен баланын төрөлгөндөгү салмагынын 7% жоготууга алып келет. Максималдуу физиологиялык салмакты жоготуу 10%ды түзөт. Эгерде бала 10% же андан көп салмак жоготкон болсо, анда эмизүү техникаларын, бала активдүү эмип жатабы, баланын ден соолугунда көйгөйлөр жокпу текшерүү керек.

Эгерде биринчи күндөрдө бала өтө арыктап кеткен болсо, анда эмизүү боюнча керектүү колдоолорду алуу үчүн төрөт үйүндө болуп туруу керек; үйгө чыккандан кийин 5-7 күндөн соң балага кошумча байкоо жүргүзүү жана салмагын текшерүү зарыл.

Салмак кошуу

  • Лактация жөнгө салынып жана эмизүү жакшы башталганда, бала күнүнө орто эсеп менен 25-30 граммга чейин салмак кошо баштайт. Бала 10 жана 15 күндүк өмүрүнүн ортосунда  төрөлгөндөгү салмагына кайтуусу күтүлөт.
  • Өсүүнүн нормасы – эң аз болгондо айына 500-600 гр. Албетте, кээ бир балдар кыйла көп салмак кошот; эгерде бала эне сүтү менен гана азыктанып, ашыкча салмак кошуп жаткан болсо, ага тынчсызданбаңыз.
  • Эгерде бала 400-500 гр салмак кошкон болсо, анда 7 күндөн кийин кошумча көзөмөл жана эмчек эмизүүдөгү прогрессти текшерүү керек болот; эмчек эмизүүнү оңдоо менен, бир жуманын ичинде жок дегенде 180 г салмак кошуу күтүлөт.

Сиз жеңе ала турган тоскоолдуктар

Кыйынчылыктар негизинен эмизүүнүн башталышында пайда болот. Мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүү:

  • Сиз балаңызды жетишерлик тез-тезден эмизе албайсыз (эмизүүнүн башталышында бул 24 сааттын ичинде 10-12 жолу болушу керек), сиз эмизүү үчүн жетиштүү убакыт бөлбөйсүз, түнкүсүн эмизүүнү өтө эле эрте токтоттуңуз.
  • Бөтөлкөлөр жана упчу баланын адаштырат, ошондуктан аларды колдонуу такыр эле сунушталбайт.
  • Үрпкө арналган калыптардын ( накладка) керексиз колдонулушу жана эмчек эмизүүнүн туура эмес жүргүзүлүшү да лактацияны оптималдуу жөнгө салууга тоскоол болот.                    

Анан азгырыктар пайда болот: эгер сиз чыдамсыз болсоңуз жана өзүңүзгө болгон ишенимиңиз жок болсо, анда сиз сүт аралашмасын  киргизесиз, жана сиз жалгыз гана эне сүтүн эмизүүгө болгон алгачкы каалоону жоготууга жана андан баш тартууга бир кадам жакындайсыз! Бөтөлкө сүттүн иштелип чыгышын ушунчалык бузат, ал толугу менен токтойт. Мындай учурда, өзгөчө эмчек эмизүүгө кайтуу оңой эмес!

Уйкуну кандырууга, эс алууга жана жайбаракат болууга аракет кылыңыз. Досторуңузга жана үй-бүлөңүзгө ымыркайга белек берүүнүн ордуна бир же эки саатка бала карап жардамдашууну, сизге сейилдөө, бир чыны кофе ичип же чач тарачка баруу үчүн бир же эки саатты тартуулоону сунуштаңыз. 

Эч кимге сүт аралашмасы балаңыз үчүн сиздин сүтүңүз сыяктуу эле пайдалуу экенине ынандырууга жол бербеңиз!