Кыска бой

"Эгерде баланын денесинин узундугунун/ боюнун маанилери ошол эле курактагы жана жыныстагы балдарга дал келген физикалык өнүгүүнүн орточо маанилерине салыштырмалуу -2 стандарттык четтөөдөн (СЧ) төмөн болсо, баланын бою кыска деп эсептелет."
Body

Ата-энелер баласынын бою курагына дал келе тургандыгын билүүгө абдан кызыкдар.

Эгерде балаңыздын бою өз курбалдаштарынан кыска болсо, анда сиз аны тез-тез өлчөп турасыз, анан албетте кеңеш алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге кайрыласыз.  

  • ҮМБ/ҮДТдагы үзгүлтүксүз профилактикалык кароолордун учурунда  баланын денесинин узундугу / бою өлчөнүп, өсүү диаграммасына жазылат, андан кийин  баланын курагына жана жынысына дал келген физикалык жактан өсүүнүн орточо маанилери менен салыштырылат.  
  • Биздин өлкөдө өсүү диаграммалары (графиктер) колдонулат. Алар Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун изилдөөлөрүнүн негизинде ыңгайлаштырылган өсүү стандарттарын билдирет.  

Баланын бою кайсы убакта курагына карата кичине болот?

  • 2 жашка чейинки балдардын боюнун узундугу жаткан абалда, ал эми эки жаштан баштап тике турган абалда өлчөнөт.
  • Нормалдуу бой менен кыска бойдун ортосундагы чек кескин болуп саналбайт, анткени ал эркин белгиленген критерийлерге негизделген.
  • Денесинин узундугу / бою ошол эле курактагы жана жыныстагы дени сак балдардын орточо маанисинен 1 СЧдан – 2 СЧга чейинки диапазондо болсо, боюнун өсүшү кечигип жатат.
  • Эгерде баланын бою -2 СЧдан -3 СЧга чейинки диапазондо болсо, анда бала кыска бойлуу, ал эми -3 СЧдан төмөн болсо - өтө кыска бойлуу деп эсептелет.   
  • 4 жаштан жогорку курактагы бою нормалдуу, ата-энелеринин боюна дал келбеген же жылына 4,5 см аз болгон боюнун деңгээли төмөн балдар дагы өсүүсүндө бузулуулар бар деп эсептелет.

Бойдун кыска болуусунун себептери

  • Балдардын көпчүлүгү ден соолугунун бузулушунун белгилери жок жана бойлору ата-энесинин же башка жакын туугандарынын боюна дал келгендиктен “нормалдуу кыска бой” деп аталган физиологиялык кыска бойлуулук формасына ээ.
  • Аз сандагы балдардын боюнун кыска болуусунун себептери төмөнкүлөр болуп саналат: генетикалык бузулуулар, гормон секрециясынын бузулушу, ошондой эле ар кандай өнөкөт оорулар, жогорку дозадагы кортикостероиддик терапия. 
  • Айрым балдардын боюнун кыска болушуна аш болумдуу заттарды жана витаминдерди жетиштүү деңгээлде камтыган тамак-ашты жетишсиз пайдалануудан улам келип чыккан начар тамактануу себепчи болот.

Баланы өлчөө, текшерүү, таржымалды топтоо, айрыкча ата-энесинин жана жакын туугандарынын бою жөнүндө маалыматтардын негизинде үй-бүлөлүк дарыгер сунуштарды берет жана зарыл болгон учурда кошумча текшерүү дайындайт.

  • Кыска бойлуулуктун себептерин изилдөөдө ден соолуктун бузулушунун белгилерин аныктоодон тышкары, дарыгер баланын бою тууралуу аз дегенде 2 жыл мурунку көрсөткүчтөрдү карап чыгышы маанилүү.  

Баланын денесинин узундугун/ боюн үзгүлтүксүз көзөмөлдөө - бул кыска бойлуулукту эрте аныктоо жана баланын курагына жана жынысына дал келген физикалык жактан өнүгүү көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн чараларды көрүү.