Полиомиелит
1988 -жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму полиомиелитти жок кылуу демилгесин көтөргөн. Ошого карабастан 2019-жылы дүйнө жүзүндө дагы эле бул оорунун учурлары катталган.
Полиомиелит вирусу полиомиелит оорусу менен жабыркаган бейтаптын заңына булганган тамак-аш же сууну пайдаланууда жугат. Ооруга көбүнчө 5 жашка чейинки балдар туруштук бере албайт. Оору эмделбеген гана балдарда пайда болот.
Инкубациялык мезгил (вирустун организмге кирген убактысынан баштап оорунун алгачкы белгилери пайда болгонго чейинки мезгил) 4 күндөн 35 күнгө чейинки (орто эсеп менен 7-14 күн) убакытты түзөт.
Вирусту алып жүргөн адам оорунун алгачкы белгилери пайда болгонго чейин 7-10 күн мурун ооруну жуктуруучу болушу мүмкүн, бирок вирус оору башталгандан тарта үч-алты жума бою анын заңы аркылуу бөлүнүп чыгышы мүмкүн.
Оорунун сипмтомдору жана белгилери
Баштапкы баскычтагы симптомдор суук тийип сезгенүү ооруларына жана гриппке окшош: дене табы жогорулайт, чарчоо, шалдыроо, баш оору пайда болот. Көпчүлүк балдарда симптомдор байкалбашы ыктымал.
Оору жуктуруп алган 100 баланын ичинен бирөөсүндө баш жана жүлүн мээнин кабыкчаларынын сезгенүүсүнүн белгилери катары моюндун катып калышы (карышуу) жана кусуу, ал эми оору жуктуруп алган 200 баланын ичинен бирөөсүндө нервдин жабырлануусу жана буту-колдун ордуна кайтып келгис шал болуусу белгиленет.
Полиомиелит менен ооруп айыккан балдарда булчуңдардын атрофиясы, буту-колдун деформацияланышы жана ичкерүүсү, омуртканын кыйшаюусу келип чыгат, бул майыптыкка себепчи болот. Шал дем алуу булчуңдарын жабыркатышы мүмкүн болгондуктан шал болгон балдардын 2%дан 5%га чейинкилери көз жумушат.
Полиомиелит менен ооруп айыккан балдарда ондогон жылдардан кийин, чоңойгон курагында жаңы оорутуулар жана шал оорусу пайда болушу мүмкүн, ал полиомиелиттен кийинки синдром деп аталат.
Полиомиелитти дарылоо
Полиомиелитке эч кандай дары жок. Балдарда полиомиелитти дарылоо симптоматикалык жана оорунун формасынан жана оордугунан көз каранды. Бардык оорулуулар дарттын формасына жана оордугуна карабастан жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылышы керек.
Полиомиелиттин алдын алуу
Өлкөдө полиомиелитке чалдыккан учурлар катталбаса да, вирус полиомиелит сакталган башка өлкөлөрдөн киргиши мүмкүн. Ошондуктан иммундаштыруунун жардамы менен балаңызды бул оорудан коргоо маанилүү.
Полиомиелит айыкпайт, ага иммундаштыруунун жардамы менен гана бөгөт коюуга болот, ал балдарды полиомиелитке каршы өмүр боюу коргоону камсыздайт.
Полиомиелитке каршы эмдөө КР Профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык жүргүзүлөт:
- ОПВ (оралдык полиомиелит вакцинасы) вакцинасы менен - 2 ай, 3,5 ай, 5 айында, ал ооз аркылуу тамчы түрүндө жасалат.
- ИПВ (инактивацияланган полиомиелит вакцинасы) вакцинасы менен - бир жолу 3,5 айында, ал санга булчуң ичине жасалат.