3 жаштан 6 жашка чейинки балдар менен музейлерге баруу

Музейге баруу балдар үчүн кызыктуу болушу мүмкүн. Балдарга сиздерден  алыс эмес чакталган же балдарга кызыктуу музейлерди издеңиздер. Музейге барардан мурун, балаңызга ал жөнүндө айтып бериңиз жана ал жакка барганда, балаңыз кызыккан нерселерге көңүл буруңуз.
Body

Эмне үчүн музейлерге баруу балдар үчүн пайдалуу

Музейге баруу сиз жана балаңыз үчүн кызыктуу болушу мүмкүн.

Көптөгөн музейлерде балдарга арналган көргөзмөлөр бар, анда сүрөттөөлөр жана маалымат интерактивдүү жана кызыктуу түрдө берилет. Айрым музейлерде балдар ойной турган жана бир нерсе менен алектене турган атайын жайлар бар.

Музейге чогуу барганда, балаңыз илим, искусство, тарых же маданият жөнүндө көп нерсени билиши мүмкүн. Ал үчүн атайын күч-аракет жумшоонун деле кереги жок.

Балдар менен музейге баруу үчүн эмне керек

Сиз бара ала турган музей керек!

Сиздин аймакта жакын жерде музейлер бар болуш керек. Балдарга ылайыктуу жана баарынан мурда балаңызга кызыктуу боло тургандарын тандаңыз. Зоологиялык, тарыхый, аймак таануу, искусство музейи сыяктуу атайын музейлерди издеңиз.

Эң негизгиси — сизге жана балаңызга кызыктуу болуш керек.

Музейге баруу бала үчүн узак күндү билдирет жана жакын жердеги кафелер кымбат жана эл көп болушу мүмкүн. Жаныңызга пайдалуу жеңил тамак жана суу алыңыз. Кызматкерлерден кайсы жерде тамактанууга болорун тактаңыз же музейдин планынан караңыз. Тамакты силер паркта отургучта жей аласыңар.

Балдар менен музейге баруудан кантип ырахат алса болот

Музейге барганда сизге жана балаңызга максимум ырахат алууга жардам бере турган бир нече кеңеш:

  • Музейге барардан мурун, балаңызга бул музей жөнүндө бир аз айтып бериңиз. Балаңыз эмнени көрө тургандыгы, ошондой эле эрежелери жөнүндө айтып бериңиз — мисалы: «Биз көрө турган кээ бир сүрөттөр абдан баалуу, андыктан аларга тийбеш керек».
  • Музейдин маалымат столунан планын алып, балага көрсөтүңүз. Биринчи кезекте кайда баргысы келерин өзү чечүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз.
  • Эгер балага кандайдыр бир экспонат кызыктуу болсо, анда анын кызыгуусун колдоого аракет кылыңыз, мисалы: «Ага эмне үчүн мындай чоң тиштер керек деп ойлойсуң?».
  • Балага ылайыкташыңыз. Музейлер балдарда чоң таасир калтырышы мүмкүн. Эгер балаңыздын чарчаганын байкасаңыз, тыныгуу жасаңыз, тамактангыла же үйгө эрте баргыла. Баарын бир күндө көрүүгө аракет кылуунун кереги жок.

Музейлер ар кандай маалымат менен экспозициялар коштойт. Балаңызга эмнени көрүп жатканын түшүндүрүшүңүз керек болгондо, бул пайдалуу болушу мүмкүн, бирок ага баарын окуп же баарын эстеп калууга аракет кылуунун кереги жок. Эгер балаңыз абдан көп маалымат агымынан тажабаса, бир нерсени эстеп калышы ыктымал.

Балдардын курагына жараша музейге баруу ыкмасын өзгөртүү

Кичинекей бала экспонаттарды байкабастан, тез өтүп кетиши мүмкүн. Ал ошондой эле бир нерсени «туура эмес» колдонушу мүмкүн — мисалы, жарыктарды көрүү үчүн интерактивдүү дисплейдеги баскычты көп жолу басат. Сабырдуу болуңуз жана музейди балаңыздын көз карашы менен кароого аракет кылыңыз.

Музейлер — улуураак балага сүрөттөр же ак илбирс сыяктуу кызыккан нерселери жөнүндө көбүрөөк билүү мүмкүнчүлүгүн берүүнүн жакшы жолу.

Көптөгөн музейлерде виртуалдык экскурсиялар бар. Силер үйдөн эле дүйнөнүн каалаган жеринен балаңыз кызыккан музейлердин экспозицияларына «барып», өздөштүрө аласыңар.