Сен жетектейсиң! 0 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн оюндар
Оюнда бала башкы болгондо: эмне үчүн ымыркайлар жана балдар үчүн бул жакшы
Оюнда бала башкы болгондо ал эрежелерди ойлоп таап, аны жетектейт. Балаңызды байкап, көңүл буруусу узакка созулуш үчүн анын айткандарына же жасаган нерселерине реакция кылыңыз.
Эгер бала өзүн кандайдыр бир иш-аракетте башкы катары сезсе жана сиз анын оюнундагы эрежелерин сактасаңыз, анда ал иш-аракетке кызыгып, эң жакшы үйрөнөт. Эгер сиз балаңыздын эрежелери боюнча ойносоңуз, анда сиз аны кызыктырган иш-аракеттердин жүрүшүндө жаңы нерселерди үйрөнүүгө жардам бересиз.
Мындан тышкары, балаңыз оюнда “башкы” болгондо, ал коммуникативдик көндүмдөрдү өнүктүрөт, айланасында болуп жаткан окуяларга кандай таасир этерин билет.
Бала аныктаган оюн үчүн эмне керек
Мындай оюндар үчүн атайын эч нерсе талап кылынбайт.
Болгону, учурда балаңызга кызыктуу болгон нерсени ээрчүү керек. Бул оюнчук же куш же өрт өчүрүүчү унаа сыяктуу бир нерсе болушу мүмкүн. Балким, бул сиз, ошондой эле бири-бириңерге жасаган күлкүлүү жүздөр жана чогуу чыгарган үндөр болот.
Оюн учурунда балага эмне маанилүү экендигин кантип түшүнсө болот
- Балаңыз кызыккан нерсеге көңүл буруңуз. Бул ал ойногон нерсе болушу мүмкүн, мисалы, топ же көлчүктөрдө секирүү сыяктуу. Улуураак балдарда жана мектепке чейинки курактагы балдарда туруктуу кызыкчылыктар болот — мисалы, динозаврлар, өрт өчүрүүчү унаалар, мышыктар, музыка — ар кандай нерселер!
- Балаңыздан аны менен ойносо болобу деп сураңыз.
- Бала кылып жаткан нерсеге катышыңыз. Эгерде ал сизге топту тоголотсо, анда аны балаңызга кайра тоголотуп койсоңуз болот. Иш-аракетке көңүл буруңуз. Балаңызды алаксытпаңыз жана анын иш-аракеттерин өзгөртпөңүз. Эгер балаңыз сепилдерди жакшы көргөндүктөн, кубиктерден сепил куруп жатса, аны байкап, чогуу куруп баштаңыз же ага кубиктерди бериңиз.
- Экөөңөр жасап жаткан нерсе боюнча суроолорду бериңиз же комментарий бериңиз — мисалы, “Сен бул нерсени тоголоттуң — мен кармадым! же “Чоң сепил! Анда ким жашайт деп ойлойсуң?”. Балаңызга жооп берүүгө убакыт бериңиз.
- Эгер балаңыз жаңы нерсеге өтсө, ага башкы болууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Мисалы, ал топту тоголотууну токтотуп, кубиктер менен ойной баштаса, аны менен бирге жасай баштаңыз.
Ымыркайлар жана кичинекей балдар башкы болгон оюндар
Оюн учурунда абдан кичинекей балдар да башкы болушу мүмкүн. Кичинекейдин көзү аны кызыктырган нерсени көрүү үчүн кайда багытталганын караңыз.
Мисалы, “Бул ким? Диванда эжең отурабы? Ал эмне кылып жатат? Ал сага кол булгалап жатабы?”. Эгер бала жооп катары былдырап жатса, бири-бириңер менен сүйлөшүп жаткандай сүйлөй бериңиз.
Же болбосо, балаңыздын оюнчукту, мисалы, жаркыраган шылдыракты тиктеп турганын көрсөңүз, аны ага жакын алып келип, карматыңыз же силкилдетүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз.