Денсоолукту үзгүлтүксүз профилактикалык текшерүү: 9 ай
Балаңыз олуттуу ийгиликтерге жетишип жана көптөгөн жөндөмдүүлүктөрдү өздөштүрдү. Ал эчак эле өз алдынча отуруп, ар кандай оюнчуктарды үйрөнүп, манжаларынын жардамы менен тамак жеп, оюнда жана буюмдарды туура багытта колдонууда чоңдорду туурап кубанып жатса керек. Сиз балаңыздын мектебинин жетекчисисиз жана ал үчүн ага жакшы үлгү болушуңуз маанилүү.
Кабыл алууга даярдануу
• Адаттагы буюмдарга кошумча, сиз: балаңыздын сүйүктүү оюнчугун же китебин, таза суу куюлган бөтөлкө жана үй-бүлөлүк дарыгерден суроо үчүн жазылган суроолорду ала барасыз.
Профилактикалык текшерүү өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
• Сизден медайым же дарыгер сизден балаңыздын сүйлөө, физикалык жөндөмдүүлүгү, социалдык жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдөрү кандайча өнүгүп жаткандыгы боюнча өнүгүүнү баалоо анкетасын толтурууну суранат. Бул сиздин балаңызда өзгөчө таланттарды табууга жардам берет, бирок ал кошумча колдоого муктаж болушу мүмкүн.
• Өсүшкө мониторинг жүргүзүү: Дене салмагын, дененин узундугун, баштын айланасы адаттагыдай эле өлчөнөт, көрсөткүчтөр жазылып жана өсүү диаграммаларына, медициналык картага киргизилет.
• Киришүү маеги жана кеңеш берүү: Кошумча тамактануу мурдагыдай эле негизги тема боюнча кала берет, ошондой эле балаңызга кандай тамактарды бере аласыз жана эмнеден баш тартуу керек, балага күнүнө канча жолу тамак берүү керектиги талкууланат. Сиз ошондой эле баланын жүрүм-турумун жана каалаган жүрүм-турумга кантип түрткү берүү керектиги жөнүндө сүйлөшсөңүз болот: чектерди коюу, кесепеттерин көрсөтүү, баланы угуу жана керектүү деңгээлде көңүл буруу, начар жүрүм-турумду четке кагуу менен жакшы жасаган иши үчүн мактоо аркылуу эмне жакшы, эмне жаман экендигин көрсөтүү. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы бирдей эрежелерди сакташы маанилүү. Балким бул мезгил эне жана баланын бөлүнүү сезимин билүү жана талкуулоо үчүн ылайыктуу учур болушу мүмкүн.
- Сиз ошондой эле ооз көңдөйүнө туура гигиена жүргүзүүнүн зарыл болгон ыкмалары боюнча сунуштарды ала аласыз.
• Медициналык текшерүү жана өнүгүүнү баалоо: Дарыгер балага үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзөт жана ошол эле учурда сиз ишене албай келген анын айрым жөндөмдүүлүктөрүн чогуу текшере аласыз.
• Сергек жашоо мүнөзү: Тамеки түтүнүнүн таасирине бөгөт коюу, уюлдук телефон, планшет, сыналгылардын зыяндуу таасири боюнча аракеттер уланат. Баланы бөтөлкө менен төшөккө жаткырбоо, айрыкча сүт аралашмасы же таттуу суусундук куюлган бөтөлкөнү колдонбоо, күн нурунун таасиринин коопсуз болуусун камсыздоо жана автоунаада баланы кантип коопсуз ташуу керектиги боюнча сөз болот.
- Сиз үй-бүлөлүк дарыгер менен башка маселелерди талкуулай аласыз.
Эмдөө
- Эгерде балаңыз мурдагы пландаштырылган үзгүлтүксүз эмдөөлөрдүн бирин өткөрүп жибербеген болсо, бул куракта эмдөө пландаштырылбайт.
Жыйынтыктоо
• Баланын жүрүм-турумун текшерүү, байкоо жүргүзүү жана өнүгүүсүн баалоодо алынган жыйынтыктардын негизинде дарыгер же медайым сиз менен балаңыздын өсүшү, өнүгүүсү жана ден соолугу тууралуу өзүнүн пикири менен бөлүшөт.
• Өнүгүүнү толук баалоо зарылчылыгы келип чыкканда, бала башка адистерге жөнөтүлөт.
• Сиз ошондой эле айрым маалыматтык материалдарды жана кийинки келүүнүн убактысы жөнүндө маалымат ала аласыз.
Сиз балаңыздын башкы мугалими экениңизди жана ата-энелик милдетиңизди мыкты аткаруу үчүн сизге колдоо жана кесипкөй жардам керек экендигин эсиңизден чыгарбаңыз. Сиз балаңызга жакшы үлгү экениңизди унутпаңыз.