Социалдык-эмоционалдык өнүгүүнү стимулдаштыруу: 18-24 ай
Коомдук сезимдер
• Башкалар менен болгон иш-аракеттерде пайда болгон окуялар ар кандай сезимдерди жаратат. Алар кээде күчтүү болуп көзөмөлдөө кыйынга турат.
• Кубанычтан же ачуудан тышкары, ийгиликсиздиктен, уялуудан же көрө албастыктан улам ыңгайсыздыктын пайда болушу баланын башын айландырышы мүмкүн. Наристенин сезимдери сиздин кубаттоо же сындоо реакцияларыңыздан улам калыптанат.
• Наристеңизге анын сезимдерин түшүнүүгө жардам бериңиз. Ошондо гана ал өзүн жакшы сезип, күчтүү сезимдерди башкара алат. Ошентип бала башкалардын сезимдерин оңоюраак түшүнүп, сыйлай алат.
• Сындаганда этият болуңуз, балаңыздын эмнени сезип жаткандыгын айтыңыз, кыскача түшүндүрмө бериңиз, аны өткөн окуяга байланыштырыңыз.
Нааразычылык жана кызматташтыктын жоктугу
• Наристеңиз сиздин талаптарыңыз менен көбүнчө макул болбошун күтүүгө болот. Ошентип ал өзүнүн көзкарандысыздыгын, ниетин ишке ашырууда туруктуулугун, ошондой эле чектөөлөрдү жана кээ бир эрежелерди кабыл алуудагы кыйынчылыктарын көрсөтөт.
• Бул реакциялардын айрымдары чыр салуу түрүндөгү катуу нааразычылыктар менен мүнөздөлүшү мүмкүн. Сабырдуу болуңуз. Катаал жана ачууланып реакция кылбаңыз. Сиздин жүрүм-турумуңуз балага мындай учурларга жеңилирээк туруштук берүүгө жардам берет.
• Талаптарыңыздын жана реакцияларыңыздын так жана ырааттуу болушуна ынаныңыз. Өзүңүздүн иш-аракеттериңиз боюнча түшүндүрмө бериңиз. Кызматташуунун артыкчылыктарын белгилеңиз.
• Кээде эрежелерди кайра карап чыгууга туура келет. Ашыкча талап наристенин каршылыгын жаратып, жүрүм-турум көйгөйлөрүн күчөтүшү мүмкүн.