Чыгармачылыкка үйрөтүү жана жаш балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү: идеялар жана көнүгүүлөр
Кичинекей балаңыз үчүн чыгармачыл оюндар
Жаш балдар жаратууну, фантазияны колдонууну жана өзүн билдирүүнү жактырышат. Балдардын чыгармачылыгында эң негизгиси идеалдуу натыйжа эмес, чыгармачылык процесс.
Бала каалагандай ойносун, аны курчап турган дүйнөгө болгон кызыгуусун кубаттаңыз. Бул үйрөнүү жана өнүгүү үчүн маанилүү.
Балага чыгармачыл оюндар үчүн — жетиштүү убакыт керек. Бала эмне кылууну өзү ойлоп тапсын. Кээде анын энтузиазмы беш мүнөткө жетет. Кээде ал кызыгуу менен көбүрөөк убакыт ойношу мүмкүн. Балаңыздын убактысы жетиштүү болгондо, ал өзүнө ар кандай оюндарды ойлоп таба алат.
Балаңызды дайыма мактаңыз, анткени ал үчүн эң негизгиси — натыйжа эмес, процесс. Ошентип, ал өз күчүнө ишенет жана жаңы нерсени ойлоп табуудан коркпойт.
Чыгармачылык көнүгүүлөр: көркөм жана декоративдик-колдонмо искусство
Ойноо, жаратуу үчүн атайын нерселердин кереги жок, жөнөкөй, күнүмдүк буюмдар жетиштүү — бала алар менен эмне кылууну өзү чечет. Эмнеден баштоо керектиги боюнча бир нече кеңеш:
- Ашкана сүлгүсүнүн түрмөктөрүнөн же кичинекей желим бөтөлкөлөрдөн куурчак же жаныбар жасоого болот. Куурчакты фломастерлер менен боёп, чаптамалар, кагаз кийимдер, кездемелер жана колдо болгон материалдар менен кооздоңуз.
- Табигый материалдарды колдонуңуз. Жалбырактарды чогултуу үчүн сыртка чыгыңыз, кийинчерээк аларды альбомго чаптоого, аппликация жасоого, аларга боёк менен сүрөт тартууга болот.
- Балага чоң картон куту бериңиз, ага каалагандай калем, боёк жана фломастерлер менен сүрөт тартсын. Бул унаа, поезд, үй, кайык, үңкүр, ар кандай нерсе болушу мүмкүн. Балаңызга терезелерди же эшиктерди кесүүгө жардам бериңиз.
- Даарат кагазынын эки түрмөгүнөн дүрбү жасаңыз. Тасманы эки жагына жабыштырууну унутпаңыз. Ал аркылуу терезеден карап, көргөндөрүнүн баарын айтып берсин.
- Желим капкактардан, чоң жыгач мончоктордон же макарондон мончокторду жасаңыз. Бул чоңураак балдар үчүн жакшы иш болушу мүмкүн.
Калемдер, чаптамалар, бош тамак-аш идиштери, кагаз табактар, бөтөлкөлөрдүн капкактары, таңгактоочу кагаздын калдыктары, жумуртка таңгактары жана ленталар — сыяктуу чыгармачылыкка керек боло турган нерселерди атайын кутуга салыңыз. Баланын колуна тийген нерселердин баары коопсуз экенин текшериңиз; ал алар менен какап же муунуп калбашы абдан маанилүү. Мончоктор жана желим баштыктар кичинекей балдар үчүн кооптуу. Аларды жеткиликтүү болбогон жерде сактаңыз.
Чыгармачылык көнүгүүлөр: кыймылдоочу оюндар жана бийлер
Бул жерде кичинекей баланын кыймыл жана бий аркылуу өзүн көрсөтүүнүн мисалдары:
- Балаңызга сүйүктүү музыкасын коюңуз. Балаңызды музыканын түрлөрү менен тааныштырып көрүңүз.
- Балаңызга кошулуңуз! Чогуу жөрмөлөңүз, айланыңыз, секириңиз, скакалка менен секириңиз.
- Бий үчүн реквизиттерди алыңыз — кооз ленталар, жаркыраган кездемелер, такылдатуу үчүн кашык жана коробка, оюнчук гитара, шылдырак же кол куурчагы — балаңызга жага турган нерселердин баары.
Сюжеттик-ролдук оюндардын идеялары
Жаш балдар сюжеттик-ролдук оюндарды жакшы көрүшөт. Жөнөкөй реквизиттерди колдонуңуз, мисалы, башкача, кооз, жаркыраган кийим, баштыктар, зер буюмдар, ободоктор жана брошкалар, куурчактар, оюнчуктар, чакалар жана топтор. Балаңыз мүмкүн:
- куурчакты уктатат;
- оюнчуктардын жалаягын алмаштырат;
- жумушка апасы, атасы, мугалими, дарыгер же жүк ташуучу айдоочу сыяктуу кийинет;
- дүкөнгө, походго же жумушка баруу үчүн баштыгын чогултат;
- элестетилген поездди башкарат;
- машиналарды же сүйүктүү оюнчукту жууйт;
- Актан жана Акылай үчүн майрамдык дасторкон жаят;
- Кутудан жасалган тоолордо ат үстүндө чуркайт.
Музыка жана үндөр менен оюндар
Музыкалык оюндарды адатка айлантыңыз. Жөнөкөй көнүгүүлөргө жана оюндарга музыка кошуңуз.
Баштоо үчүн бир нече идея:
- Жалаяк алмаштырганда, ваннада балдар менен отурганда, унаада баратканда жөнөкөй балдардын ырларын ырдаңыз же өзүңүз күлкүлүү ырларды ойлоп табыңыз.
- Балаңыз менен ырдаңыз, бирок ал дароо бирге ырдап же ритмге дал келет деп күтпөңүз. Ага ырдын биринчи сабын ырдап, калганын ырдоого убакыт бериңиз.
- Балаңыз импровизацияланган жана сатылып алынган аспаптар менен ырахат алып ойнойт, ызы-чуу кылат жана музыка ойнойт. Бул кандай аспаптар экенин айтып, кандай үндөрдү чыгарууга болорун көрсөтүңүз.
- Балдардын салттуу ырларын үйрөнүңүз.
Балаңызга урганга кызыктуу нерсе бериңиз — контейнер, таз, дүркүрөгөн коробка же дан же буурчак салынган бөтөлкө менен маракас жасаңыз. Музыканын ритмине ыңгайлашуу үчүн ушул музыкалык аспаптардын бардыгын колдонуп көрүңүз.