Сөз издөө: 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга окуганды жана жазганды үйрөтүү
Сөз издөө: эмне үчүн бул окуганды жана жазганды үйрөнүү үчүн жакшы көнүгүү
Жергиликтүү дүкөндөргө баруу сыяктуу күнүмдүк иш-аракеттер — баланын окуу жөндөмүн өнүктүрүүнүн кызыктуу ыкмасы. Эгер бир жакка чыгууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, үйдө деле жасасаңыз болот. Окуу жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн мындай көнүгүүлөр сизден кошумча чыгымдарды же кошумча убакытты талап кылбайт.
Мисалы, сөз издөө — бул окуганды жана жазганды үйрөнүү үчүн жөнөкөй көнүгүү.
Оюн үчүн эмне керек: дүкөндө сатып алуулар учурунда же үйдө окуганды жана жазганды үйрөнүү
Сизге атайын жабдуулардын кереги жок. Жөн гана айланаңыздагы сөздөрдү издеңиз жана балаңыз менен ал жөнүндө сүйлөшүңүз.
Сөздөрдү кантип издөө керек: окуганды жана жазганды үйрөтүүчү көнүгүүлөр
- Эгер сиз дүкөнгө тамак сатып алуу үчүн барууну пландап жатсаңыз, сатып алуулардын тизмесин чогуу түзгүлө. Эгер бала жетиштүү чоң болсо, ал өзүнүн тизмесин жаза алат. Же ал кагазга каракулдарды чийип, тизме жазып жаткан сыяктуу болушу мүмкүн.
- Сатып алууну пландап жаткан нерселер, анын ичинде балаңызга жаккан нерселер жөнүндө үн чыгарып ой жүгүртүңүз. Мисалы: “Кел, тизмеге сүттү кошобуз. Сүт “с” менен башталат. Балаңызды дүкөнгө алып барбасаңыз да ушундай кылыңыз.
- Эгер балаңыз сиз менен дүкөнгө барса, ага белгилердеги жана азык-түлүктүн таңгактарындагы сөздөрдү көрсөтүңүз. Сатып алуу учурунда бир нерсени унутпаш үчүн тизмени кантип колдонуу керек экенин балаңызга көрсөтүңүз. Бала жардам берсин — тизмеден силер сатып алган нерселерди чийип салсын.
- Үйдө болгондо балаңыз менен ашканадагы текчелерди карап чыккыла. Азык-түлүк салынган кутуларды жана таңгактарды карап, айта турган сөздөрдү издеңиз. Көптөгөн баштыктарда жардамчы катары кызмат кыла турган сүрөттөр бар. Балаңыздын жашына жараша сөздөрдү же тамгаларды атоону сунуштаңыз. Балаңыздан сөздөр эмнени билдирерин сураңыз — биринчи тамганы, андан кийин баштыктагы сүрөттү карасын. Балаңыз ысымынын биринчи тамгасынан башталган нерсени таба алабы же жокпу, караңыз.
Ар кандай курактагы балдарга окуганды жана жазганды үйрөтүү үчүн көнүгүүнү кантип өзгөртүү керек
Сиздин кичинекей балаңыз тамгаларды тааный албашы мүмкүн, бирок аны менен сөздөр жана тыбыштар менен кызыктуу ойноого болот. Мисалы, сиз: “Бббанандар. Бизге банандар керек” деп айтсаңыз болот. Сиз атаганда балаңыз көрүш үчүн буюмдарды өйдө көтөрүңүз жана сиз сүйлөп жатканда жүзүңүздү байкап жатканына ынаныңыз. Балаңыздан тыбыштарды же сөздөрдү айтууга аракет кылуусун сураныңыз.
Чоңураак бала тамгаларды жана белгилерди жакшыраак тааныйт. Ал кээ бир нерселерди окуй алышы да мүмкүн. Балаңыз этикеткадагы аталышты окуп, анын эмне экендигин айта алабы же жокпу, караңыз. Сиз этикетканы жакшылап карап чыгып, балага продукттун курамын жана өндүрүлгөн өлкөнү кайсы жерден окууга болорун көрсөтсөңүз болот.