Тилди өнүктүрүү: 1-2 жаш
1-2 жаштагы балдардын сөз байлыгын жана тилин өнүктүрүү
1-2 жашында балаңыз көбүрөөк сөздөрдү колдонууга жана түшүнүүгө үйрөнөт. Алгач ал негизинен зат атоочторду түшүнөт - мисалы, “ит”, “автобус” жана “диван”. Убакыттын өтүшү менен ал “тамактануу” жана “чуркоо” сыяктуу бир нече этиштерди түшүнөт. Кийин сын атоочторду - мисалы, “чоң” жана “көк”.
1-2 жаштагы балдардын тилин түшүнүү жана өнүктүрүү
12 ай болгондо балаңыз жакын жердеги буюмдардын аталыштарын түшүнөт. Мисалы, ал төмөнкүлөрдү билдирген сөздөрдү түшүнөт:
- “чөйчөк” же “куурчак” сыяктуу кадимки буюмдарды;
- дененин мүчөлөрүн, мисалы, “курсак” же “бармак”;
- “байпак” же “топу” сыяктуу кийимди.
Бирок балаңыз бир эле сөздү ар кандай нерселер үчүн колдонот. Мисалы, ал бардык жаныбарларды “ит” деп аташы мүмкүн.
Болжол менен 15 ай болгондо балаңыз алысыраак турган буюмдарды көрсөтүп, алардын аталышын сурайт.
Болжол менен 18 ай болгондо балаңыз өзүн ысымы менен атайт. Бир нече айдан кийин ал “мен” дегенди түшүнүп, өзүн билдирүү үчүн колдоно баштайт. Бул учурда ал өзүнчө адам экендигин түшүнө баштайт.
Бул куракта балаңыз төмөнкүлөрдү түшүнөт:
- “Мени өп” сыяктуу тааныш фразаларды;
- “Токтот” деген сыяктуу жөнөкөй көрсөтмөлөрдү;
- абдан жөнөкөй түшүндүрмөлөрдү.
Балаңыз денесинин мүчөлөрүн аныктоого жана сураганда буюмдарды көрсөтүүгө үйрөнөт - мисалы: “Мага жүк ташуучу унааны көрсөтчү”.
Сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү колдонуу
Тилди өнүктүрүү сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү колдонууга үйрөнүүнү камтыйт.
Болжол менен 12 айда балаңыз сиз менен сөз аркылуу сүйлөшө баштайт. Анын былдыраганы чыныгы сөзгө айланат. Балаңызга бир эле сөздү кайра-кайра айткан жагышы мүмкүн.
Эки жашка жакындап калганда балаңыз эки сөздү бириктире баштайт, мисалы, “апам унаада”, “мен кеттим” же “буттар үчүн байпак”. Бул куракта ал “чоң”, “кызыл” же “күн” сыяктуу бир нече сүрөттөөчү сөздөрдү гана колдонот. Анын сөз айкаштары негизинен зат атоочтордон жана айрым этиштерден турат (“ит жейт”, “машина бара жатат”).
Айтуу
Балаңыз ар кандай тыбыштарды колдонот, бирок сөздөрдү чоңдор айткандай эмес айтуу кадимки көрүнүш. Мисалы, ал “чайдын” ордуна “тяй” деп айтышы мүмкүн же “телефондун” ордуна “афон” сыяктуу сөздөрдүн аягын таптакыр таштап коюшу мүмкүн.
Балаңыздын айткандарын түшүнүү көп учурда кыйын болушу мүмкүн. Бирок ал эки жашка чыкканда, кичинекей баланы жакшы билбеген адам да анын айткандарынын жарымына жакынын түшүнөт.
Сүйлөшүү жана баарлашуу
Сүйлөшүүгө үйрөнүү - тилди өнүктүрүүнүн бир бөлүгү.
Балаңыз бир нерсеге “бер” деп же сөөмөйү менен көрсөтүп көңүл бура алат. Эгер сиз бир нерсени көрсөтүп “Карачы” деп айтсаңыз, ага бир нерсе көрсөтөөрүңүздү билет.
Балаңыз жөнөкөй суроолорго жооп берет, ошондой эле сиз суроо бергенде же жактыруу иретинде сүйлөгөндө сиздин үнүңүздүн тонундагы айырманы түшүнөт. Ал сиз “жок” же “болбойт” деп айтканда эмнени билдирерин билет.
Балаңыз сөздөрдү, жаңсоолорду жана үндөрдү айкалыштырып, үнүнүн тонун өзгөртүп, аны түшүнүүгө жардам берет.
Балаңызга башкалардын аракеттерин туураган жагат жана “мактануу” менен башкалардын көңүлүн кантип бурууну түшүнө баштайт.
Балдар ар кандай ылдамдыкта өсүшөт жана өнүгүшөт. Акырындык менен сүйлөй баштаган кээ бир балдар бир нече жылдан кийин башка балдарды кууп жетет. Бул макаладагы маалымат колдонмо катары гана сунушталат. Сиз балаңызды эң жакшы билесиз, андыктан анын сүйлөө жөндөмүнүн өнүгүүсүнө тынчсызданып жатсаңыз, дарыгериңиз же медайым менен сүйлөшүңүз.