Ымыркайды курсагына кантип жаткырса болот: сүрөттөр менен

Эмне үчүн баланы курсакка жаткыруу&;маанилүү? Курсакта убактысын кантип өткөрсө болот? Курсакта жатуу  кызыктуу, шаңдуу;жана коопсуз./p>
Body

Ымыркайды курсагына жаткыруу эмне үчүн маанилүү

Кичинекей балаңыз колдоруна таяныш үчүн курсагына жаткырыңыз. Ал курсагында жатканда башын, моюнун жана денесинин жогорку бөлүгүн чыңдайт. Аны курсагына тез-тезден жана күн сайын жаткыруу керек.

Балаңыз төрөлгөндөн көп өтпөй аны курсагына жаткыра баштаңыз. Алгачкы бир нече жумада курсагына 1-2 мүнөт, күнүнө 2-3 жолу жаткырууга аракет кылыңыз. Бара-бара кичинекей балаңыз күнүнө бир нече жолу 10-15 мүнөттөн жата алат.

Балаңызды чалкасынан жаткырып уктатыңыз, ойнош үчүн — курсагына жаткырыңыз. Бала уктап жатканда ал көп убакытты чалкасынан жатып өткөрөт жана башы бир абалда болот. Ушундан улам желкесинде кичинекей таз тактар пайда болушу мүмкүн. Ымыркайды курсагына жаткыруу менен мындай таз тактардын пайда болушун алдын алууга болот.

Курсакта жатып кантип убакыт өткөрүү керек

Балаңыздын жанына коопсуз буюмдарды жана оюнчуктарды коюңуз. Балаңыздын алдында аларды ары-бери жылдырыңыз. Бул аны кыймылдоого, башын көтөрүүгө, бурууга мажбурлайт.

Балаңыздын жанына жерге жатыңыз. Сүрөттөрү менен китептерди же журналдарды барактаңыз. Бул кичинекей баланын көзүнүн булчуңдарын өнүктүрөт жана чыңдайт жана ага кызыкдар болууга мүмкүндүк берет.

Балаңыздын жанына сынбай турган күзгүнү коюңуз, ал күзгүдөн өзүн көрө алат. Аны курсагына ар кандай жерлерге, мисалы, таза абада жуурканга жаткырыңыз.

Курсакта жатуу кызыктуу, көңүлдүү жана коопсуз болушу керек

Ымыркай сиз жанында экениңизди билиши керек — сүйлөшүңүз жана ырдаңыз, далысын сылаңыз же колдорун кытыгылаңыз.

Эгерде балаңыз жерге курсагына жатканды жактырбаса, аны оролгон сүлгүгө, тизеңизге же фитболго жаткырып көрүңүз.

Ымыркай курсагында жатканда аны байкап туруңуз. Ал күчтөнүп, көбүрөөк кыймылдай баштаганда, ал үчүн кооптуу болгон нерселерди алып салыңыз.