Кичинекей бала менен баарлашуу жана ойноо
Кичинекей бала менен баарлашуудан жана анын сүйлөгөнүнөн эмнени күтүүгө болот
Кичинекей баланын тили ар кандай ылдамдыкта өнүгөт — кээ бирлери тез үйрөнүшөт, башкаларга көбүрөөк убакыт талап кылынышы мүмкүн.
Балаңыз сүйлөгөндү үйрөнө баштаганда, сиз төмөнкүлөрдү угасыз:
- түшүнүксүз үндөрдү чыгарат, былдырайт;
- жөнөкөй муундарды бириктирет — мисалы, “ба-ба”;
- сөздөрдү кайталайт;
- башын чайкап “жок” дейт.
12-18 айлык кезинде көпчүлүк балдар биринчи сөздөрүн айтышат. Бирок бул куракта, балким, сиз жана башка жакын үй-бүлө мүчөлөрү гана бул сөздөрдүн маанисин түшүнө аласыңар! Балаңызга сиздин сөздөрүңүзгө жооп катары шаңдуу былдыраган жагышы мүмкүн. Ошондой эле, сиз тааныш нерселерди атаганда, аларды көрсөткөндү жактырат.
Эки жашка чыкканда кичинекей балаңыз жакшы сүйлөгөндү үйрөнөт, бирок “р” сыяктуу кээ бир тыбыштарды туура айтуу кыйын болот. Анын ордуна, балким, ал “л” тыбышын айтат — мисалы, балаңыз “карга” дегендин ордуна “калга” деп айтат.
Кичинекей балаңыздын сүйлөө аракетин кубаттаңыз. Бул жөнөкөй — сиз аны угуп, ага жооп беришиңиз керек. Балаңызга окуяларды жана жомокторду айтып берүү, ырларды ырдоо, окуп берүү — жада калса ага күнүңүз кандай өтүп жаткандыгы жөнүндө айтып берүү — мунун баары кичинекей балаңызга сүйлөөгө жана сүйлөө жөндөмүн практикалоого жардам берет, ошондой эле экөөңөрдүн ортоңордогу байланышты бекемдейт.
Баланын эне тили
Эгер сиз үйдө эне тилиңизде сүйлөсөңүз, анда бул кичинекей балаңыз үчүн эң сонун башталыш болот! Эгер ал сиздин эне тилде сүйлөгөнүңүздү укса, анда ал кийинчерээк экинчи тилди үйрөнүүгө жардам бере турган негиз болот (мисалы, сиздин өлкөдөгү көпчүлүк адамдар колдонгон тил). Ымыркай менен эне тилинде ойноо балада маданий өзүн-өзү аңдап-түшүнүү сезимин өнүктүрөт.
Баарлашууну стимулдаштыруу үчүн оюндардын идеялары
Балдар канчалык көп сөз укса, ошончолук көп сөздү жаттай алышат.
Балаңыздын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүгө түрткү болуш үчүн төмөндө бир нече кызыктуу биргелешкен иш-аракеттердин мисалы:
- Балаңыз менен үйдө эмне кылып жатканыңыз жөнүндө, бул сизге кызыксыз сезилсе да сүйлөшүңүз — мисалы, “Атаң сени чүчкүрткөн чаңдан арылуу үчүн килемди сордуруп жатат”.
- Балаңыздын баарлашууга түрткү берүү үчүн сөз айтуу аракетин туураңыз. Мисалы, ал “апа” десе, ага “апа” деп жооп берсеңиз болот. Сиз ошондой эле кичинекей балаңыздын сөздөрүн кайталап, алардын негизинде баарлашсаңыз болот. Мисалы, кичинекей бала “поезд” десе, сиз: “Ооба, бул чоң кызыл поезд” деп айтсаңыз болот.
- Кичинекей балаңыз былдырап жана сүйлөп жатканда кызыгууну көрсөтүңүз. Ал үчүн көзүнө карап, дайыма жылмайыңыз.
- Балаңыздын кызыкчылыктарына жооп бериңиз жана алар жөнүндө сүйлөшүңүз. Мисалы, балаңыз оюнчук поезд менен ойной баштаса, сиз: “Ту-ту” деп айтсаңыз болот.
- Балаңыз менен чогуу китеп окуп, ага жомокторду айтып бериңиз.
- Аны менен ыр ырдап, күлкүлүү ырларды айтыңыз.
- Балаңыз сүйлөгөнгө аракет кылганы үчүн мактаңыз. Мисалы, балаңыз итти көрсөтүп, анын атын атаса, сиз: “Азаматсың, Максат! Туура! Бул ит!” деп айта аласыз.
Жалаякты алмаштыруу — бул балаңыз менен бетме-бет баарлашуу үчүн эң сонун убакыт, сиз сүйлөп, ырдасаңыз болот жана балаңыздын жүзүнө караңыз.
Ымыркайдын сүйлөгөнү боюнча тынчсыздануу
Эгер балаңыздын тилинин өнүгүшүнө тынчсызданып жатсаңыз — мисалы, балаңыз былдырабайт же сизди укпайт же башкалар сүйлөп жатканда укпагандай сезилсе, анда педиатрыңыз менен талкуулаңыз.