3 айдан 12 айга чейинки куракта тилди өнүктүрүү
Баланын тилин өнүктүрүү жөнүндө
Кичинекей балаңыздын коммуникативдик көндүмдөрү анын жашоосунун биринчи жылында тез өнүгөт. Ал өзүн көрсөтүүгө, сизге реакция кылууга жана аны менен баарлашканыңызда түшүнүүгө үйрөнөт. Мунун баары ал биринчи чыныгы сөздөрүн айта электе эле болот.
Өзүн көрсөтүү: баланын тилин өнүктүрүү
Кичинекей балаңыздын жашоосунун биринчи жылындагы сүйлөгөн сөзү сиз көнгөндөй болбошу мүмкүн.
3-4 айлык кезинде ал:
- көзүңүздү карайт;
- “агу” деп айтат же үндүү жана үнсүз тыбыштардын башка айкалышын айтат;
- былдырайт жана “га-га-га-га-га-га”, “ба-ба-ба-ба”, "ма-ма-ма-ма” жана “да-да-да-да” деген сыяктуу үндүү жана үнсүз тыбыштарды айкалыштырат.
5-7 айлык кезинде ал:
- артыңыздан жөтөлүү, күлүү, тарсылдатуу сыяктуу кээ бир үндөрдү жана жаңсоолорду кайталайт же шилекейден көбүк чыгарат;
- ойнойт, бийиктиги жана катуулугу ар кандай “ааииее”, “буу” жана “ааа” сыяктуу үндөрдү чыгарат (кээде кулакты тундурат!).
8-9 айлык кезинде ал:
- кадимки сүйлөө сыяктуу угулушу мүмкүн болгон узунураак ырааттуу үндөрдү түзөт — бул биринчи сөздөрдү айта баштаганга чейин уланышы мүмкүн;
- “апа” же “ата” деп айтат, бирок бул сөздөрдүн маанисин азырынча билбейт.
10-11 айлык кезинде ал:
- максаттуу баарлашат, негизинен суроо, талап кылуу, баш тартуу, четке кагуу же бирөө менен учурашуу үчүн;
- өзүнө керек нерсени көрсөтүп, сурайт. Же адамды карайт, андан кийин өзү каалаган нерсени карайт.
Болжол менен 12-14 айда кичинекей балаңыз айрым сөздөрдү айтып, алардын маанисин билиши мүмкүн, мисалы, атасы же апасы жөнүндө айтуу менен “апа” же “ата” дейт.
Реакция кылуу: баланын тилин өнүктүрүү
Бул айларда кичинекей балаңыз сизге ар кандай реакция кылат. Мисалы, ал:
- аны менен сүйлөшкөндө же анын атын айтканда үн чыгарып, толкунданат же тынчтанат;
- үн чыгарат жана күлөт — мисалы, анын жалаягын алмаштырып жатканда;
- аны менен ойноп жатканда жылмаят, күлөт;
- “ку-ку” жана башка кыймылдуу оюндар сыяктуу оюндарды жакшы көрөт;
- жаңсоолорду колдонот, мисалы, кол булгалайт же бир нерсени көрсөтөт;
- өзүнүн ысымына реакция кылат — ал карайт, көзүн чоң ачат, угат же жылмаят.
Түшүнүү: баланын тилин өнүктүрүү
Кичинекей балаңыздын канчалык көп нерсени түшүнүп калганы таң калыштуу — ал угат жана үйрөнөт, курчап турган дүйнөнү түшүнүүгө умтулат.
Ушул айлардын ичинде балаңыз төмөнкүлөрдү түшүнгөнүн байкайсыз:
- Болжолдуу түрдө 10 айында “жок” деген сөздү — бирок ал дагы да болсо сиз айткандай кыла бербейт;
- оозеки жана визуалдык белгилер менен абдан жөнөкөй көрсөтмөлөрдү — мисалы, болжол менен 12 айлык кезинде сиз колуңузду сунуп “бер” деп айтканда, ал сизге колундагы оюнчукту берет.
Балдар ар кандай темпте өсүшөт жана өнүгүшөт. Бул макаладагы маалымат багыт катары гана кызмат кылат. Эгерде балаңыздын тилинин өнүгүшүнө тынчсызданып жатсаңыз, педиатрыңызга кайрылыңыз.