Моторика жана оюндар: мектепке чейинки курактагы балдар

Оюн балаңыздын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн маанилүү, анын ичинде моторикасы жана физикалык жөндөмдүүлүктөрү. Мектепке чейинки курактагы балдар активдүү болууну жактырышат, бирок ар кандай балдар ар түрдүү иш-аракеттерди каалашат. Активдүү мектепке чейинки балдар үчүн кыймылдуу оюндар — шарлар, кутучалар жана таякчалар менен оюндар, таза абадагы, активдүү оюндар, ошондой эле жаратылыштагы оюндар.
Body

Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн оюндар: эмне үчүн алар моторика жана физикалык өнүгүү үчүн маанилүү

Оюн — бул өнүгүүнүн, өсүүнүн жана жаңы нерселерди үйрөнүүнүн негизги ыкмаларынын бири. Оюн балаңыздын ар тараптуу өнүгүүсү, анын ичинде моторикасы жана физикалык жөндөмдөрү үчүн пайдалуу.

Мектепке чейинки курактагы бала менен күн сайын ойноо анын булчуңдарын чыңдайт жана сөөктөрүн бекемдейт, ошондой эле физикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Оюндар кичинекей баланын өзүнө болгон ишенимин калыптандыруу үчүн пайдалуу, анткени ал өзүнүн жөндөмүн сынап, ар бир жолу мурункудан бийик чыгып, ылдамыраак чуркай алат жана алысыраак секире алат.

Күндүзгү физикалык активдүүлүк мектепке чейинки курактагы баланын ден соолугуна жана жалпы абалына пайдалуу.

Мектепке чейинки курактагы балдар күн сайын бир нече саат активдүү оюнга муктаж. Оюндар ар кандай формада болушу мүмкүн: чуркоо жана секирүүдөн баштап, күнүмдүк үй жумуштарына жардам берүү жана сыртта сейилдөө сыяктуу тынчыраак иш-аракеттерге чейин.

Эмнени күтүүгө болот: мектепке чейинки курактагы балдар жана моторика

Бул курактагы балдарга активдүү болгон жагат, бирок ар кандай балдар ар кандай оюндарды жана физикалык көнүгүүлөрдү жактырышат.

Балаңыз 3-4 жаш курагында төмөнкүлөрдү жасай алышы мүмкүн:

  • өз алдынча кийинет;
  • кайчыны жакшы колдонот;
  • үч дөнгөлөктүү велосипед жана кадимки велосипед тебет (төрт жашта);
  • кичинекей тоскоолдуктардан секирип өтөт, селкинчекте өз алдынча күүлөнө алат;
  • кармагычтарды кармабастан, тепкичтен өйдө-ылдый чыгып-түшө алат;
  • жакшы координацияга ээ болот — мисалы, ал топту оң же сол буту менен тебе алат;
  • бир буттап көпкө чейин тура алат (оң жана сол бутта).

Беш жашка чыкканда, балаңыздын координациясы жакшырып, күчтүү болуп баштайт. Балаңыз төмөнкүлөрдү жасай аларын байкайсыз:

  • сол жана оң буттап жакшы секирет;
  • скакалка менен секиргенге үйрөнөт;
  • сиздин жардамыңызсыз кийинет;
  • бут кийимдин боосун байлоого үйрөнөт;
  • топту ыргытат, урат жана кармайт.

Бул куракта балаңыз башка балдар менен жөнөкөй эрежелери менен оюндарды ойногусу келиши мүмкүн, бирок алар дагы деле бул эрежелерди эстеп калууда кыйналышат.

Кичинекей шишиктер жана жыгылуулар кадимки көрүнүш болот, анткени балаңыз физикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин сынайт. Бул балдардын үйрөнүү жана өнүгүү процессинин кадимки бөлүгү.

Эгер балаңыз башка балдар менен баарлашууга кызыкпаса же активдүү оюндардан качса, анда педиатрыңыз менен балаңыздын өнүгүүсү жөнүндө сүйлөшүңүз.

Физикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелген мектепке чейинки курактагы балдарда айрым кыймылдоо көндүмдөрүнүн өнүгүүсүнүн негизги этаптары айырмаланышы мүмкүн. Балаңыз чоңойгон сайын педиатрыңыз жана башка адистер сизге жардам бере алышат.

Мектепке чейинки курактагы баланын кыймылдоосуна өбөлгө түзүүчү оюндар

Сиздин кичинекей балаңыздын кыймылдоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле чогуу убакытты бирге көңүлдүү өткөрүүгө жардам бере турган оюндун идеялары!

  • Балаңызга футбол же жумшак топ сыяктуу балдардын коопсуз оюнчуктарын сунуштаңыз.
  • Балаңызга чоң жана бышык картон кутуларды сунуштаңыз. Ал аларга чыгып, ортосуна кирип, алар менен дагы эмне кылууну өз алдынча ойлоп таба алат. Бирок коопсуздук жөнүндө унутпаңыз!
  • Мүмкүн болсо, балаңызга кичинекей велосипед тепкенди үйрөтүңүз. Бирок коргоону унутпаңыз.
  • Мүмкүн болсо, сейил бакта же оюн аянтчасында таза абада ойноого убакыт бөлүңүз, эгер болбосо, жок дегенде — короого чыгыңыз. 
  • Балаңыз бийлегенди жактырган музыканы угуңуз. Ырга ылайык жөнөкөй бийди ойлоп таап, үйрөнүңүз. Балага музыкага ылайык бийлөө жана тактка ылайык ары-бери шилтөө үчүн жоолук, кездеменин кесиндисин, тасма бериңиз.
  • Үйгө жакын жерде болсо да, жаратылышка саякаттарды уюштуруңуз. Бул балаңыз көп кыймылдоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк, ошондой эле кол өнөрчүлүк же оюндар үчүн жалбырактарды, таяктарды же таштарды чогулта алат.

Тынч көнүгүүлөр мектепке чейинки курактагы балаңыздын өнүгүшү үчүн да маанилүү, ызы-чуу же энергиялуу оюндар сыяктуу эле активдүү кыймылдаш керек. Мисалы, кичинекей балдар төмөнкү иш-аракеттерди жасоо менен манжалардын майда моторикасын өнүктүрө алышат:

  • бир нерсе кура турган кичинекей оюнчуктар менен оюндар же пазлдар;
  • платилин менен оюндар;
  • сүрөт тартуу, каракулдарды «жазуу» жана тамгалар менен сандарды жазуу.

Балдар ата-энесин көрүп үйрөнүшөт. Ошондуктан, балаңыздын активдүү болушун кааласаңыз, анда сиз дагы активдүү болушуңуз керек.